Төртүнчү Билим берүү фестивалы: Экологиянын ден соолукка таасири.

February 11, 2016, 06:00

Билим берүү фестивалы – балдар үчүн ар жылдагы билим берүү фестивалы, ал 2013-жылдан бери Бишкек шаарында өтүп жатат. Бул долбоор өзүндө балдар жана мектеп билим берүү чөйрөсүндө ярмарканын форматын, эс алуу борборлорун, балдардын чоң майрамын жана кесиптик форумду айкалыштырат.


Фестивалдын башкы максаты – балдарда билимге жана чыгармачылыкка кызыгууну ойготуу, аларга маалымат менен иштөө жөндөмүн, ошондой эле кенже курактан тартып эле өз алдынча ойлонууга умтулууну каныктыруу, ал эми ата-энелер үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири (акысыз жана акы төлөнүүчү) спектри менен таанышуу жана аны билүү.


Төртүнчү Билим берүү фестивалы – бул «Экологиянын ден соолукка таасири» темасына масштабдуу 2 күндүк иш-чара.

 

2016 – Билим берүү фестивалынын иш-чаралары: Ар кандай ярмарка көргөзмөлөр, мүмкүн болгон ар кыл мастер-класстар, демонстрациялар жана презентациялар, көрүнүктүү илимпоздордун лекциялары, экология жана ден соолук темасына кинофильмдерди көрсөтүү, коомдук дискуссиялар, экскурсиялар, мелдештер, конкурстар, викториналар, спорттук жана оюн-зоок иш-чаралары жана көптөгөн башкалар.