«Устат-3» долбооруна катышкан кыздар үчүн Баткен областынын ИИБде ачык эшиктер күнү

February 8, 2016, 06:00

Долбоордун насаатчысы, Баткен районунун ИИБ РЛС боюнча зардалынын орун басары, Баткен областы боюнча КР милиционер аялдарынын ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү милициянын подполковниги Гуляим Момунова укук коргоо органдарында иштөөнү каалаган шакирт кыздар менен бир нече жолугушууларды өткөрдү.

 

Алсак, кышкы каникулдардын учурунда кыздарга Баткен областынын ИИБде ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Катышуучулар СОБРдун, ПСМдин, эксперттик криминалистикалык жана кинологиялык кызматтын иши менен тааныштырылды.