БУУнун мультфильми жашоо үчүн үч зарыл нерсе жөнүндө айтып берет

February 8, 2016, 06:00

Бириккен Улуттар Уюму жакынкы 15 жылда адамзат аткарууга тийиш болгон туруктуу өнүгүү жана жаңы максаттар жөнүндө балдар жана чоң кишилер үчүн анимациялык роликти даярдады.

 

«Дүйнөдөгү эң чоң сабак» ролигинде Жердеги жашоо жөнүндө сөз болот. «Жашоо үчүн бизге үч нерсе – таза суу, таза аба жана таза тамак-аш зарыл. Алар болмоюнча, эч бир смартфондорго карабастан, биз көпкө жашай албайбыз», – деп айтылат роликте.

 

Кыска метраждуу анимациялык фильмде климаттын өзгөрүшүнүн, таза сууга жана таза тамак-ашка жеткиликтүүлүктүн көйгөйлөрү көтөрүлөт. Ролик ошондой эле БУУ жарыялаган, 2030-жылга карата жетишүү зарыл болгон туруктуу өнүгүүнүн 17 максатын түшүндүрөт.

 

Мисалы, суунун жана электр энергиясынын чыгымдарын кыскартуу, жашоо-тиричиликтин бардык калдыктарын жүгүртүүгө кайра кайтарууга аракет кылуу, ошондой эле курчап турган чөйрөгө зыян келтирбестен жашообуздун сапатын кантип жакшыртуу керек экенин ойлонуу сунуш кылынат.