КР Экс-президенти Роза Отунбаева Сингапурдун соода жана индустрия министри менен жолугушту

February 9, 2016, 06:00

КР Экс-Президенти Р.И. Отунбаева 4-февралда Сингапурдун соода жана индустрия министри Лим Хынг Киaнг (Lim Hng Kiang) мырза менен жолугушту. Сингапур ЕАЭС менен эркин соода келишимине кошулууга өтүнмө берген, ага ошондой эле башка бир нече ондогон өлкөлөр кызыгуусун билдирип жатат. Кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөр үстүбүздөгү жылдын март-апрелине белгиленүүдө, азырынча болсо Сингапурдун Борбордук Азия менен соода-экономикалык байланыштары болор-болбос деңгээлде калууда. Сингапур биздин региондун бир катар өлкөлөрүндө экономикадагы жана финансыдагы өзүнүн бай тажрыйбасы менен, ири өнөр жай объекттеринин инфраструктурасынын негиздерин түптөөдө инновациялары жана алдыңкы технологиялары менен көбүнесе технологиялык инвестор катары иш алып барууда. Дүйнөдөгү төртүнчү финансылык рынок катары Сингапур ЮВА регионунда, өнүккөн, калыптанган өлкөлөрдө жигердүү иштеп жатат, али изилдене элек жаңы рынокторго инвестициялары менен шашылбайт. Азыркы учурда Сингапур КРга биз үчүн өтө зарыл болгон бүтүндөй бир катар техникалык тармактар боюнча адистерди кыска мөөнөттүү окутуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат, тилекке каршы, алар биздин талапкерлер англис тилин билбегендигинен же начар билгендигинен улам жылдар бою толтурулбай келе жатат.

 

Р. Отунбаева ошондой эле Сингапурдун Улуттук университетинин Ли Кван Ю атындагы Башкаруу мектебинин директору профессор Кишоре Махбубани менен, ошондой эле Наньян Технологиялык Университетинин алдындагы Ражаратнам атындагы Эл аралык мамилелер мектебинин жетекчилиги менен жолугушту, ал жерде кызматташтык, анын ичинде республикабыздын аспиранттарын жана докторанттарын окутуу маселелери талкууланды. Эки мектеп тең биздин изденүүчүлөргө жандуу кызыгуусун билдирди, Түштүк-Чыгыш Азия регионун билүү менен мамлекеттик башкаруу, кадр кызматын даярдоодо жана калыптандырууда жардам берүүгө даяр.

 

Сингапурдун билим берүү министрлигинде Р.Отунбаева бир нече жыл мурда атайын түзүлгөн Балдарды кенже кезден тартып өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчилиги менен жолугушту, кенже курактагы балдар менен иштөөгө басым жасоо менен өлкөнүн бир нече мектепке чейинки жайларына жана маданий мекемелерине барды.