5-февралда Кыргызстандын жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектеби аяктады

February 9, 2016, 06:00

5-февралда Бишкектеги STEM кышкы мектебинин жабылышы болуп өттү, ал И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун (КГТИ) базасында өттү, ошону өзү менен 2016-жылдагы табигый-техникалык сабактардын кышкы мектеби аяктады, ал КРнын 6 регионунда өттү.

 

Бишкектеги STEM кышкы мектебин КГТИ «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы DAAD’дын колдоосу аркасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен бирдикте өткөрдү.

 

Белгилеп кетүү керек, бул мектепте окууну каалагандардын саны көп болгондугуна байланыштуу катышуучу кыздардын саны адегенде пландаштырылган 15 адамдын ордуна 30 адамга чейин көбөйдү. Кышкы мектепти өткөрүүнүн жүрүшүндө кыздарды математикага, компьютердик сабаттуулукка жана немец тилине окутушту. Жогоруда көрсөтүлгөн сабактардан тышкары Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун багыттары («Телематика», «Логистика», «Машина куруу», «Биомедициналык техника», «Колдонмо математика» жана «Электр энергетикасы») боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Сабактарды тилди алып жүрүүчүлөр, И.Раззаков атындагы КМТУнун алдыңкы окутуучулары алып барды.

 

Мектептин жабылышынын учурунда кыздарга – сертификаттар, окутуучуларга ыраазычылык каттары тапшырылды.

 

Мектептин жыйынтыктары боюнча Бишкектеги кышкы мектептин 6 кызы И.Раззаков атындагы КМТУга тапшырабыз деп бир жактуу жооп берди, кыздардын 90%ы немец тилин мындан ары окууну улантуу ниетин билдирди, кыздардын 100%ы табигый-техникалык сабактар мектебинин улантылышына катышууну каалайт.

 

Ушундай мектептерге катышууну каалагандардын саны көп болгондугуна байланыштуу 2016-жылдын жазында жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн STEM жазгы мектебин өткөрүү пландаштырылып жатат.

 

Эске сала кетели, кышкы мектептер Нарын шаарында, Талас шаарында, Каракол шаарында, Ош шаарында, Баткен шаарында жана Бишкек шаарында өттү. Табигый-техникалык сабактардын мектебинин максаты жогорку класстардын окуучу кыздарын математика, информатика, физика, химия сыяктуу так илимдерге окутуу болуп саналат, бул аларды техникалык адистиктерге тапшырууга даярдайт. Ал эми мугалим айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча мектеп алардын компьютер жана интерактивдүү доска менен иштөө жөндөмдөрүн арттырат, мугалимдер аларды өзүнүн окутуучулук ишинде колдоно алат. Бардыгы болуп кышкы мектепке жогорку класстардын 224 окуучу кызы жана 110 айым катышты.