«Мүмкүнчүлүктөрү чектелген бала үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө мамлекеттин жана коомдун ролу» тегерек столунун пост-релизи

February 2, 2016, 06:00

Тегерек столдун максаты «КРда мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы окутуу шарттарын жакшыртуу максатында мамлекеттик мекемелердин жана өкмөттүк эмес сектордун иш-аракеттерин аныктоо жана макулдашуу» катары аныкталган.

 

Катышуучулардын бардык презентациялары мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга билим алуунун шарттарын түзүү жана жакшыртуу үчүн мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес сектор жана эл аралык уюмдар көрүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтарды билдирди.

 

Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы, Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринин, ЮНИСЕФтин, ЖОЖдордун жана инклюзивдик билим берүү жагында иштеген НПОлордун өкүлдөрү Тегерек столдун катышуучулары болуп калды.

 

Тегерек стол бардык тараптар инклюзивдик билим берүүнү киргизүүнү болушунча колдой тургандыгын жана күн тартибинде турган маселелерди биргелешип чечүүгө даяр экенин көрсөттү.

 

Өз кезегинде, инклюзивдик билим берүүнү алга илгерилетүү маселеси ЖМКлар тарабынан түшүнүүнү жана көмөк көрсөтүүнү талап кылат, алар инклюзивдик билим берүү жөнүндө коомдун маалымдар болушун арттырууга көмөктөшө алат, мында ар бир бала окутуунун өзү үчүн алгылыктуу ыкмасын тандай алат.