Мектептен тышкаркы мекемелердин арасында эко-слогандардын конкурсу аяктады

February 1, 2016, 06:00


24-январда № 24 гимназия мектебинде Бишкектин мектептеринин директорлорунун кеңешмесинин алкагында мектептен тышкаркы мекемелердин арасында өткөн эко-слогандардын конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өттү.


2015-жылдын ноябрынан тартып декабрына чейин өткөн конкурска борбордун мектептен тышкаркы билим берүүчү 6 мекемеси катышты.


1-орун – Октябрь районунун "Шайыр балалык" балдар чыгармачылык борбору

2-орун – Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борбору

3-орун – Биринчи Май районунун Балдар чыгармачылык борбору ("Биримдик" ДЮО)


Байгелүү орундарды ээлеген мекемелерге саясий карта, Кыргызстандын жаратылышы жөнүндө китептер, ошондой эле "Экологиялык календарь" жана "Жаш бишкектиктин эрежелери" плакаттары берилди.


Кызыктыруучу сыйлыктар Ленин районунун Балдар чыгармачылык борборуна, Мектеп окуучуларынын чыгармачылыгынын "Кыргызстан балдары" шаардык борборуна жана Экология, жер таануу жана туризм боюнча республикалык балдар өспүрүмдөр борборуна тапшырылды.


Эко-долбоордун иш-чаралары жөнүндө кең-кесири маалыматты төмөнкү сайттардан алууга болот: www.roza.kgfestival.roza.kg.


 Эко-слоганы

1-орун

Октябрь районунун "Шайыр балалык" балдар чыгармачылык борбору 

1. Айнектей тунук – сууну, дем алганга жеңил болгон – абаны, ошондой эле кармаганда таза чөптү калтыр.

2. Жаратылышты сактоо менен – Кыргызстанды сактайбыз!

3. Таштандыларга каршы күрөшүү үчүн бир гана нерсе – таштандыларды ыргытпоо жетиштүү!

4. Ачык асман, жер жана суу дайыма баалуу болот!

5. Жаратылышты жана андагы бардык жандуу нерселерди сакта, анткени ден соолук үчүн алар жөнүндө камкордук көрүү маанилүү.

6. Тазалыкты сактоо менен – жаратылышты сактап калабыз!

7. Сенин айланаң таза болгондо гана аба таза болот!

8. Бишкекке меймандарды тартуу үчүн экологияны сактоо зарыл!

9. Жашап жаткан жериңди булгаба! Жаратылышты да сакта!

10. Таштандыны көрүп калсаң, алып кой! Урнага да түз сал!

11. S – тазалыкты сакта!

О – таштандылардын көбөйүшүн токтот!

S – биздин шаарыбызды тазалыкта сакта!

12. Бишкек гүлдөп жана көздүн жоосун алып турушу үчүн – таштандыларды туш келди ыргытпа, аны азыр эле тазала!

13. Сен таштандылар көп экенин көрүп турасың, сен ал жерде акча жок экенин билесиң, анда, кел, биздин шаарыбызды Эко-Бишкек шаарына айландыралы!

14. Радиус 100 метр – бул жөн гана сөз эмес, бул сенин айланаңдагы тазалык!

15. Шаардыктар! Бишкектиктер! Шаарды өзүңөр тазалагыла!

        Таштандыны урнага салгыла жана жаратылышты коргогула!

2-орун

Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борбору


 1. Сен ойлон, достум, биздин Жер энебиз жалгыз гана. Биз аны тазалап турсак, ал кылымдарды карытат!

2. Бишкек – биздин жалпы үйүбүз, ал таза болсун жана анда баарыбызга ыңгайлуу болсун!

3. Токойду, жаратылышты, көлдөрдү жана деңиздерди, огороддогу жөөктөрдү, бакчаны сактагыла. Ошондо Жер көркүнө чыгат!!!

4. Таза жаратылыш, таза Жер, чың ден соолук, таза жан дүйнө!

5. «Тазалыкка» табылат, ал эми өзүң булгаба!!!

6. Баскан-турган жердин баарын булгоо демейки көрүнүш, бирок сен келечектеги башка муун жөнүндө ойлон!!!

3-орун

Биринчи Май районунун Балдар чыгармачылык борбору ("Биримдик" ДЮО)

1. Жаратылыш жан дүйнөм!

2. Тазалык - өмүр булагы!

3. Биз ден соолукту сактайбыз – таза шаарда жашайбыз!

4. Таза болгон жерде, көргөн көз да кубанат!

5. Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот!

6. Жаратылышка баш ийүү менен гана аны башкарууга болот!

7. Биз жаратылышыбыз таза болушун каалайбыз!

8. Өзүңдүн айланаңдагы дүйнөнү сакта! Токой үчүн, суу үчүн, биздин жаратылышыбыз үчүн!

9. Шаарды таза сактайлы – биздин балдардын өмүрүн узарталы!

10. Сен бул дүйнөнүн бир – жакшы же жаман бөлүгүсүң.

11. Өзүңдүн ой-тилегиңди тазала – Жерге жардамчылар керек!

12. Көз ирмемдеги көрүнүш эмес, бул ТАЗА шаар!

13. Сен келдиң, таза бекен? Сен кетип жатып, бардыгын ошондой калтыр..!

14. Кыргызстан – биздин үйүбүз, ал таза болсун жана анда баарыбызга ыңгайлуу болсун!

15. Үйүлгөн ыплас калдыктар – көкүрөгү кир адамдын колунан келген иш!

Кызыктыруучу сыйлык

Мектеп окуучуларынын чыгармачылыгынын "Кыргызстан балдары" шаардык борбору

1. Тоо кичинекей таштардан башталат, ал эми таштандылар үзүк кагаздардан башталат.

2. Тоолор да, шаарлар да жуунуп-тазаланып турушу керек! Эртең менен да, кечкисин да! Ал эми кир болуп туруу – уят иш болот!

3. Өлкө үчүн күйөсүңбү? Анда өз көчөңдү тазалоодон башта!

4. Сүйүктүү шаар – биздин жакшы көргөн үйүбүз, ал дайыма таза жана анда жашоо жагымдуу боло берсин!

5. Таза шаар – биздин өпкөлөрбүздүн тазалыгы!

6. Жакшылык кыл – бак отургуз!

7. Адегенде бак, андан кийин үй жана уул.

8. Таза шаар – шаардык адамдын ниетинин тазалыгы.

Кызыктыруучу сыйлык

Ленин районунун Балдар чыгармачылык борбору

1. Таза ниет, аракеттер, эмгек өзүңө да, башкаларга да жыргалчылыкты түзөт!

2. Өзүңдүн жан дүйнөңдүн тазалыгы айланадагы тазалыкка карай дагы бир кадам.

3. Бирөө бардыгы үчүн! Ал эми бардыгы – тазалык үчүн!

4. Мен экология али бар деп ойлойм!

5. Экологиянын акыбети – бул биз дем алып жаткан нерсе.

6. Адегенде экология – андан кийин идеология!

Кызыктыруучу сыйлык

Экология, жер таануу жана туризм боюнча республикалык балдар өспүрүмдөр борбору (ЭЖТРБӨБ)

Ийримдин жетекчиси - Брейво Юрий Вячеславович 

"ЖАШЫЛ ЗОНА СЕНИН ҮЙҮҢДӨН БАШТАЛАТ"