Макулатура чогултуу боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү

February 1, 2016, 06:00

29-январда № 24 гимназия мектебинде Бишкек шаарынын мектептеринин директорлорунун кеңешмесинин алкагында борбордун мектептеринин ортосунда өтүп жаткан макулатура чогултуу боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өттү.

 

Мелдештин учурунда Бишкектин мектептерине 2015-жылдын жаз мезгилинен тартып күзгө чейин макулатура чогултулуучу атайын эко-коробкалар берилди.

 

Мелдешке борбордун 60тан ашык мектеби катышты, 14 тоннадан ашык макулатура чогултулду. 

 

Төмөнкү мектептер мелдештин жеңүүчүлөрү болуп калды:

 

1-орун – № 76 орто мектеп

2-орун – № 36 орто мектеп

3-орун – № 35 орто мектеп

 

Макулатура чогултуу боюнча мелдеш «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана "Makulatura.kg" ЖЧК тарабынан Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте өткөрүлдү.

 

Эко-долбоордун иш-чаралары жөнүндө кең-кесири маалыматты төмөнкү сайттардан алууга болот: www.roza.kg, festival.roza.kg.

 

 

Макулатура чогултуунун натыйжалары "Makulatura.kg"ден: