Монтессори-педагогикасынын курсуна топтоо жөнүндө жарыя

February 1, 2016, 06:00


Монтессори-педагогика курсуна топтоо жөнүндө жарыя



Машыктыруучу – Надежда Смирнова,

Россиянын жетектөөчү Монтессори-педагогу,

Монтессори-педагогика эл аралык институтунун директору,

Москва шаары, РФ

 



Кымбаттуу достор!



«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сизди Монтессори-педагогика боюнча курска чакырат, ал Кыргызстанда Бишкек шаарында башталат.


Монтессори-педагогика ЮНЕСКО тарабынан балага багытталган эң натыйжалуу, гумандуу педагогикалардын бири деп таанылган. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө: Японияда жана Түшкүк Кореяда, Кытайда жана АКШда, Улуу Британияда жана Германияда, Россияда, Казакстанда мектепке чейинки билим берүү жана өнүктүрүү системасы Мария Монтессоринин педагогикасына негизделген.


Монтессори-педагог болуп калуу үчүн педагогикалык билимге ээ болуунун кереги жок, болгону балдарды мыкы түшүнүү жана эң мыкты өнүктүрүү үчүн аларга шарттарды түзүү ниети болушу керек. Монтессори-педагогика балдарга алардын ар биринде бар болгон бардык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берип гана тим болбостон, ошондой эле балдар менен баарлашууда ата-энелерге ката кетирбөөгө, баланы өнүктүрүү процессинен ыракат алууга жардам берет.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду 2013-2014-жылдары Кыргызстанда өткөргөн Монтессори-педагогика боюнча алгачкы курсту 18 катышуучу бүтүрдү. 5 Монтессори-балдар бакчасы ачылган. Кыргызстандын Монтессори-педагогдору талап кылынат жана ийгиликтүү.


Жаңы курс ар бири он күндөн болгон жети сессиядан турат. Тренингдер 1,5 ай мезгилдүүлүк менен өтөт. Сессиялардын ортосундагы интервал материалды бекемдөө, практика жана презентацияларды даярдоо үчүн берилет.


Бир сессиянын наркы – 8000 сом. Окутуунун наркы машыктыруучунун гонорарын, учуп келүүсүн жана түнөк акысын гана жабат. Окутуу курсунан өткөн жана экзамендерди тапшырган катышуучуларга РФнын Москва шаарындагы Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун диплому тапшырылат.


Курстун башталышы – 2016-жылдын марты. Датасы топ комплекттелгенден кийин макулдашылат.


Катышуучулардын тизмесине жазуу үчүн 8000 сом суммасын же доллар же болбосо тенге түрүндөгү эквивалентти төмөнкүдөй даректер боюнча төлөө керек: 


       -   Казахстандан келген катышуучулар   Алтынай Ташековага жазыла алат, эл. почта: vip.ala74@mail.ru


      -   Кыргызстандык катышуучулар  Монтессориге Шамбала балдар бакчасында жазыла алат: Кара-Дарыя көчөсү 85, тел. 510927, 0555-754-307 эл. почта: shambala-zdr@mail.ru жана Синяя птица балдар бакчасында жазыла алат: тел.:0773052812, эл. почта: kissabekova@gmail.com


Бардык маселелер төмөнкүдөй телефон боюнча: +312 660 384, +996 772 800 376, asel.djakypbekova@gmail.com - Асель Джакыпбекова, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Балалык мектеби» долбоорунун координатору. www.roza.kg