«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучуларында мейманда болду

January 30, 2016, 06:00

28-январда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү. Бул акция үчүн белгилүү теле алып баруучу, дизайнер Ассоль Молдокматова жана конферансье, саундактер, "Events.kg" агенттигинин негиздөөчүсү Урмат Борченов чакырылды. Борбордун жаш тарбиялануучулары үчүн Ассоль Молдокматова «Ай-ааламдын жомоктору» ("Сказки матушки вселенной") (автор А.Омокеева) китебинен жомокту окуп берди. Урмат Борченов жогорку класстардын окуучулары менен маектешүү өткөрдү.

 

Ал эми ушул учурда башка кабинетте «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун кызматкерлери орто топтогу балдар үчүн сүрөт тартуу, сүрөт бое, пластилинден жана түстүү кагаздан буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстарды өткөрдү, ошондой эле «Твистер» жана башка оюндарды ойноду. «Лидер» жаштар уюмунун активисттери мастер-класстарды өткөрүүгө жардам берди жана аларга жигердүү катышты.

 

«Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Борбордун тарбиялануучуларына эко-долбоордун алкагында түзүлгөн таштандынын зыяны, ошондой эле курчап турган чөйрөнү кантип коргоо керектиги жөнүндө презентацияларды жана видео-роликтерди айтып берип жана көрсөтүштү. Катышуучулардын биринин айтымына караганда: «ЦРБДга сапар бул күнгө болуп көрбөгөндөй мээримди жана жаркын түстөрдү кошту. Балдар болсо татынакай, ачык, баарын билүүгө даяр, бардыгы азамат».

 

Иш-чараны уюштуруучу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ.