Менталдык арифметика методикасы жөнүндө маалымат лекциясынын пост-релизи

January 29, 2016, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 26-январында Ишеналы Арабаев атындагы КМУда менталдык арифметика методикасы боюнча лекция өткөрүлдү. Лекциянын максаты педагогдорду жана ата-энелерди жаңы, бирок балдар үчүн бат эсептөөнүн ушунчалык тез белгилүү болуп бараткан методикасы менен тааныштыруу болду. Жалпы билим берүүчү мектептердин башталгыч класстарынын, жеке балдар бакчаларынын мугалимдери, Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын педагогдору лекциянын катышуучулары болуп калды.


Лектор – Бишкектеги «Смартум» борборунун жетекчиси Асель Айтматова байыркы мезгилде эле Индияда, Кытайда, Японияда белгилүү болгон методиканын тарыхы жөнүндө айтып берди. Азыр методика Казакстанда, Россияда, Түркияда абдан белгилүү.


Азыркы илимий изилдөөлөр менталдык арифметика методикасы баланын мээсинин эки жарым шарын тең иштетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Белгилүү болгондой, мээ оң жана сол жарым шардан турат. Сол жарым шары – логика үчүн, оң жарым шары чыгармачылык, идеялар үчүн жооп берет. Алсак, математика сабактарында – мээнин оң жарым шары, сүрөт тартканда, пластилинден буюм жасаганда сол жарым шары көбүрөөк иштейт. Ошондой эле илимпоздор буларды аныктады: мисалы, фортепианодо ойноо эки жарым шарды тең иштетүүгө мүмкүндүк берет. Менталдык арифметика ошондой эле балага мээнин оң жана сол жарым шарын активдештирүүгө мүмкүндүк берет.


Методикага окутуу – абак же абакус чотторунда иштөөдөн башталат, алар ошондой эле соробан деп аталат. Бала чоттордо иштөөнү өздөштүргөндөн кийин, ал чотту манжалары менен туурап, жадында эсептей баштайт. Андан соң бала абактын же манжанын жардамы жок эле бардык эсептерди жадында чыгарган учур келет.


Менталдык арифметика Кыргызстанда салыштырмалуу түрдө жакында эле пайда болду. Алгачкы борборлор Бишкекте 2015-жылы пайда болду – АУЦАнын алдында иштеген «Исма» борбору, «Смартум» борбору жана айрым башкалар.


«Смартум» борбору белорус «Смартум» борборунун франшизи боюнча иштейт, анын өзгөчөлүгү болуп балдарды он-лайн режимде окутуу мүмкүнчүлүгү саналат. Бул учурда бала эсептөөгө канча убакыт жумшаарын өзү тандай алат. Эсептин натыйжалары компьютердин экранында пайда болот. «Смартум» борборунда бир ай окутуунун наркы 3000 сомду түзөт, бул сумманын бир бөлүгү франшиз боюнча чегерүүлөрдү түзөт. Курстарда окутуунун наркы педагогдор же ата-энелер үчүн 20000 сомду түзөт. Курс аяктагандан кийин сертификат, окуу китептери, чоттор берилет, консультациялар өткөрүлөт.


Катышуучулар методика жөнүндө алынган маалыматтан кийин мугалим методикага кантип үйрөнө ала тургандыгы, окутуунун наркы, методиканы мектептерге же балдар бакчаларына киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө өтө көп суроолорду берди.