Бишкекте жаңы конуштардын жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү

January 28, 2016, 06:00

Кышкы мектеп И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы DAAD’дын колдоосу аркасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен бирдикте өткөрүлүп жатат.

 

Ачылышка И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мураталы Жаманбаев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева, Кыргызстандагы ДААД маалымат борборунун жетекчиси Браумюллер Анн Катрин, ФРГнын КРдагы элчисинин орун басары Лундгрен Андерс жана И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун (КГТИ) директору Анипа Усупкожоева катышты.

 

Өз сөздөрүндө спикерлер билим алган жана техникалык жана илимий адистиктер боюнча иштеп жаткан айымдар өзүнүн жоопкерчилигинен жана тактыгынан улам алда канча көп талап кылынат деп белгиледи. Ошондой эле техниканын жана илимдин өнүгүшү менен илимий-техникалык багыттардагы адистерде, анын ичинде КГТИнин студенттеринде чет өлкөлөрдө акы төлөнүүчү стажировкадан өтүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Мындан тышкары, техникалык билим алган жана кийин өз адистиги боюнча ишке орношкон кыз-келиндерде өз муратына жетүү жана коомдо кадыр-баркка ээ болуу үчүн мүмкүнчүлүктөр жогору.

 

Анипа Усупкожоеванын презентациясынын учурунда Кыргыз Республикасында STEM (S-science (илим); T-technology (технологиялар); E-engineering (инженерия); M-math (математика)) багытын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө белгиленди. STEM жагынан айымдардын билими кедейликти, өлүмгө учуроону азайтууга мүмкүндүк берет, мындан тышкары, кыз-келиндерге эркектер менен катар маанилүү техникалык чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк түзөт, булар өз кезегинде Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгышына мүмкүндүк берет. STEM жагынан билим – бул билимдүү айым – билимдүү балдар – билимдүү, өнүккөн мамлекет.

 

Расмий бөлүктөн кийин STEM кышкы мектебине катышкан кыз-келиндер үчүн КГТИнин кафедралары боюнча таныштыруу экскурсиясы өткөрүлдү, ал жерде кыздар ошондой эле окутуучулар менен таанышты. Белгилеп кетүү керек, бул мектепте окууну каалагандардын саны көп болгондугуна байланыштуу катышуучулардын саны адегенде пландаштырылган 15 адамдын ордуна 30 адамга чейин көбөйтүлдү.

 

Эске сала кетели, Бишкекте STEM кышкы мектеби 2016-жылдын 26-январынан 5-февралына чейин өтөт. Кышкы мектепти өткөрүүнүн жүрүшүндө кыздарды математикага, компьютердик сабаттуулукка жана немец тилине окутушат. Жогоруда көрсөтүлгөн сабактардан тышкары Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун багыттары боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Сабактарды тилди алып жүрүүчүлөр, И.Раззаков атындагы КМТУнун жетектөөчү окутуучулары өткөрөт.