«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы Балдар борборунда мейманда

January 27, 2016, 06:00

28-январда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда 2016-жылдагы биринчи «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өтөт. Акциянын учурунда Борбордун балдары үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун кызматкерлери сүрөт тартуу, сүрөт боео, пластилинден жана түстүү кагаздан буюмдарды жасоо боюнча ар кандай мастер-класстарды, ошондой эле «Твистер» өнүктүрүүчү оюнун жана башка көптөгөн иш-чараларды өткөрөт. Борбордо тарбияланып жаткандар үчүн жомокту белгилүү теле алып баруучу, дизайнер Ассоль Молдокматова окуп берет. Ал эми жогорку класстардын окуучулары менен конферансье, саундактер, "Events.kg" агенттигинин негиздөөчүсү Урмат Борченов маектешет.

 

«Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Борбордо тарбияланып жаткандарга эко-долбоордун алкагында түзүлгөн видеороликтер көрсөтүлөт, ошондой эле курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу темасына экология боюнча викторина өткөрүлөт.

 

Иш-чараны уюштуруучу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ.

 

Кошумча маалымат төмөнкү сайттарда www.roza.kg, www.festival.roza.kg