2016-жылдын 23-январында Кыргызстандын 5 регионунда табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектептери аяктады

January 26, 2016, 06:00

23-январда Нарын, Каракол, Талас жана Ош шаарларында жогорку 9-11-класстардын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын кышкы мектептеринин жабылышы болуп өттү. Баткендин жана Оштун кыз-келиндери да ушул мектептерди бүтүрүүчүлөрдөн болуп калды, алар компьютердик сабаттуулук боюнча курстардан өттү.

 

Эске сала кетсек, 11-январда Кыргызстандын 5 регионунда STEM кышкы мектептери старт алган, алардын максаты жогорку класстардын окуучу кыздарын математика, информатика, физика, химия сыяктуу так илимдерге окутуу болду, бул аларды техникалык адистиктерге тапшырууга даярдайт. Ал эми мугалим айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча мектеп алардын компьютер жана интерактивдүү доска менен иштөө жөндөмдөрүн арттырат, алар ушуларды өзүнүн окутуучулук ишинде колдоно алат.

 

Кышкы мектепти өткөрүүнүн бүткүл мезгилинин ичинде жогорку класстардын 194 окуучу кызы жана 110 мугалим айым окутулду.

 

Кышкы мектеп кыздардын кесип тандоосуна таасир этти, мисалга алсак, Таласта катышуучу кыздардын 40%дан ашыгы мектепти аяктагандан кийин табигый-техникалык жана инженердик адистиктерге кирүүнү чечти.

 

Ошондой эле мектептерди уюштуруу боюнча жооптуу адамдар буларды белгиледи: химия же физика боюнча лабораториялык иштерди жүргүзүү учурунда, ошондой эле эксперименттерди жүргүзүү учурунда окуучу кыздардын жогорку жигердүүлүгү жана кызыгуусу байкалды. Бул сабактардан кийин көпчүлүгү өтө татаал жана кызыктуу эмес деп эсептеген физика менен химия аларга жеткиликтүү болуп калганын айтты. Сабактардын учурунда окуучу кыздар суроолорду берди, сабактан кийин калып жатышты жана өтүлгөн темалар боюнча кошумча сабак өтүүнү суранышты. Бул аларда так илимдерге кызыгуу пайда болгондугу жөнүндө айтып турат.

 

Нарын шаарында «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» КФнын колдоосу менен негизги предметтерден тышкары кыздарга сын көз менен ой жүгүртүү, чечендик чеберчилик боюнча, тайм-менеджмент боюнча тренингдер өткөрүлдү. Кыздардын айтымына караганда, бул тренингдер аларга өзүнүн таанып-билүүсүн кеңейтүүгө жана өзүндө ар кандай жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берди.

 

Бүтүндөй алганда, мектеп окутуучуларынын өздөрү жүргүзүлгөн ишке ыраазы жана жайкы, ошондой эле кышкы каникулдардын учурунда мектептерди өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө белгиледи.

 

Белгилеп кетүү керек, Фонд STEM багытын 2014-жылдан бери колдоп келатат. Бул мектептер «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын демилгеси боюнча, «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат. STEM аббревиатурасы: S-science – илим; T-technology – технологиялар; E-engineering – инженерия; M-math – математика катары чечмеленет жана STEM-билим берүү түшүнүгү азыр көптөгөн өлкөлөрдө ар кандай билим берүү программаларына улам активдүү киргизилип жатат.