Фонддун 2016-жылдын январь айына дайджест иш-чаралары

January 1, 2016, 06:00

 

Иш-чаралардын ДАЙДЖЕСТИ

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ

 

2016-жылдын январы

 

 

 

 

4, 5, 6-январь - Кытай жомокторунун мотивдери боюнча «Лотос кыз» спектакль–балети

Качан: 2016-жылдын 4, 5, 6-январында саат 15:00дө

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы

Шаардык жаш уландарды жана борбордун меймандарын Кытай жомокторунун мотивдери боюнча “Тунгуч” театрынын «Лотос кыз» жаңы музыкалык спектаклин көрсөтүүгө чакырабыз.

Кытай жомокторунда адаттагыдан тышкары фантастикалык сюжеттер камтылган, аларда адамдар гана эмес, ажыдаарлар, периштелер, каардуу күчтөр да башкы каармандардан болушат. Ян жакшы жөрөлгөнүн башталышынын символу жана бүтүндөй алганда кытай улутун сактоочу болуп саналат. Ажыдаарда жаныбарлардын төмөнкүдөй эң мыкты сапаттары топтоштурулган: төөнүн башы, бугунун мүйүзү, желмогуздун көзү, жыландын моюну, карп балыгынын кабырчыгы, бүркүттүн тырмактары, жолборстун буттары жана уйдун кулактары. Ажыдаар кытай мифологиясында жакшы башталыштардын символу болуп саналат.

Кытай Эл Республикасы – биздин коңшу, көп кылымдардагы достук жана бир миңдеген чакырым чек ара менен байланышканбыз. Достордун маданиятын, салт-санааларын, фольклорун билүү биздин балдар жана жаштар үчүн кызыктуу гана эмес, маанилүү да болуп саналат. Балким дал ушул жомок сиздин балаңыз үчүн Кытай дүйнөсүнө эшик ачышы мүмкүн.

Режиссер-коюучу – Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова.

Экинчи режиссеру – Асель Чоккараева

Сүрөтчүсү – Бакыт Тилекматов

Хореографы-музыканты – Мурат Шалтаев, Турдубек Алиев

Спектаклде «Тунгуч» театрынын алдындагы театралдык студиянын студенттери ойношот.

Телефондору: 0312 663538, 0703 416049

 

 

 

8-январь - "Гений" радио берүүсү

Качан: 8-январь, 13:30дан -14:00гө чейин

Кайда: Биринчи радио

Темасы: Кыргызстанда балдар бакчаларынын жетишсиздик көйгөйлөрүн альтернативдүү балдар бакчалары чече алабы?

Берүүнүн меймандары: Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, Шамбала балдар билим берүү борборунун директору - Эльмира Каримова. Алып баруучу - Асылбек Жоодонбеков

Телефону: 0552 600 738, e-mail: asanasyl@gmail.com

 

 

15-январдан тартып 30-январга чейин - «Устат-3: Тынчтык жана ишеним: укук тартиби жана укук адилеттиги органдарына бирдей жеткиликтүүлүк» долбоорунун камкорчулары үчүн «Жогорку класстагылардын жана ИИБде иштөө үчүн этностук азчылыктардын дараметин көтөрүү» деген темадагы тренингдер.

Кайда: Кыргызстандын бардык 7 регионунда

Тренингдин максаты – сын көз менен ой жүгүртүү көндүмдөрүн жогорулатуу, келечекте ИИОдо иштөө жана ИИМдин Академиясына өтүү үчүн жогорку класстын окуучуларынын өз алдынчалуулугун, лидердик сапаттарын өнүктүрүү.

Машыктыруучулар: Банур Абдиева, Эльмира Арапова

Телефондору: 660 382, 0555007443

 

 

 

21-январь – Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторийлер

Качан: 21-январь (Бейшемби), 10:00дө

Кайда: Бишкек шаарынын мектеби (маалымат такталат)

Лекциянын темасы: "Экологиялык коопсуздук: коопсуз мектеп".

Лектор - "БИОМ" экологиялык кыймылынын директору - Кириленко Анна.

Лекторийдин котушуучулары - биология, химия жана экология мугалимдери.

Иш-чара «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлөт, анын максаты экологиялык акцияларга, конкурстарга жана башка иш-чараларга сырттан байкоо жүргүзүү позициясынан активдүү катышуу позициясына өтүү жолу менен балдарда жана жаштарда экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ тарабынан уюштурулган.

Телефондору: 660368, 0550 328899, bilimfest2@roza.kg

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg.

 

 

 

22-январь - "Гений" радио берүүсү

Качан: 22-январь, 13:30дан тартып 14:00гө чейин

Кайда: Биринчи радио

Темасы: Жеке үй-бүлөлүк балдар бакчалары альтернатива катарында.

Берүүнүн меймандары: “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФнын аткаруучу директору - Кендирбаева Догдуркүл,

Бишкек шаарынын Муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлү.

Алып баруучу - Асылбек Жоодонбеков.

Телефону: 0552 600 738, e-mail: asanasyl@gmail.com

 

 

 

Январдын экинчи декадасы – Багуусуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучулары үчүн интерактивдүү мастер-класстар жана өнүктүрүүчү оюндар

Качан: январдын экинчи декадасы

Кайда: Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борбору

Иш-чаранын катышуучулары - Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучулары.

Интерактивдүү мастер-класстар жана өнүктүрүүчү оюндар «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлөт, анын максаты экологиялык акцияларга, конкурстарга жана башка иш-чараларга сырттан байкоо жүргүзүү позициясынан активдүү катышуу позициясына өтүү жолу менен балдарда жана жаштарда экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Телефондору: 660368, 0550 328899, bilimfest2@roza.kg

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg.

 

 

 

“Бишкек шаарынын жаңы конуштарында Өнүктүрүүнүн үй-бүлөлүк борборлору” долбоору боюнча Бишкек шаарынын Муниципалдык аймактык башкармалыгы менен жолугушуулар.

Кайда: Бишкек шаарынын турак-жай массивдери

Жолугушуулар турак-жай конуштарында жеке үй-бүлөлүк балдар бакчаларын ачуу максатында өткөрүлүүдө.

Телефондору: 0552 600 738, e-mail: asanasyl@gmail.com, тел. 0556 54 91 54, e-mail: s.arstanbek@gmail.com