«Айым илимде жана техникада» программасынын алкагында «Кыздарды техникалык адистиктерге тартуу» мини долбоорунун биринчи жумасы

December 24, 2015, 06:00

ОшТУда АКШнын мамлекеттик департаменти финансылап жаткан Билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Грант программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ишке ашырып жаткан «Айым илимде жана техникада» программасынын (STEM) алкагында «Кыздарды техникалык адистиктерге тартуу» мини долбоорунун биринчи жумасы аяктады.


Долбоордун максаты – келечекте техникалык адистиктерге ЖОЖдорго тапшыруу үчүн 11-класстын 30 окуучу кызын Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн тренингдерди өткөрүү, ошондой эле коомубуз үчүн бул тармакта артисттердин болушу маанилүү экенин көрсөтүү.


Долбоордун бардык 30 катышуучусу Ош технологиялык университетинде математика, химия, физика, аналогия, кыргыз жана англис тилдери боюнча төрт жума бою даярдыктан өтөт. Аларга У. Салиева мектеп гимназиясынын жогорку квалификациялуу, ОРТга жана мектеп окуучуларын олимпиадага даярдоонун көп жылдык тажрыйбасы бар мугалимдери сабак өтөт.


Белгилеп кетүү керек, катышуучу окуучу кыздар негизинен атайын даярдоо курстарын алуу мүмкүнчүлүгү болбогон Папан, Кожокелең, Көк-Бел сыяктуу бийик тоолуу алыскы айылдардан тандап алынган. ОшТУнун ректору профессор А.О. Абидов бардык катышуучу кыздар менен жолугушууну өткөрдү жана окуучу кыздардын суроолоруна жооп берди.