Эл аралык эксперт доктор Чунг Янг Линин «Билим берүү, технологиялар жана улуттук атаандаштыкка кудуреттүүлүк» темасына лекциясы болуп өттү

December 25, 2015, 06:00

18-декабрда Бишкекте эл аралык эксперт, доктор Чунг Янг Линин «Билим берүү, технологиялар жана улуттук атаандаштыкка кудуреттүүлүк» темасына лекциясы болуп өттү.


Доктор Ли Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин экономикалык кеңешчиси, улуттук долбоорлордун консультанты, Питтсбург университетинин (АКШ) бизнес колледжинин профессору, Борбордук Азиялык бизнестин Илим-изилдөө борборунун директору (Питтсбург, Канзас, АКШ) болуп саналат.


Лекция учурунда доктор Ли калктын билим деңгээлин жана өнүгүшүн жогорулатуу үчүн балдарды компьютер менен жана интернетке жеткиликтүүлүк менен камсыз кылуу зарыл экенине көңүл бурду. Бул Кыргызстандын өнүгүшүнө түрткү бере турган инвестиция. Ачык билим берүү ресурстары билим деңгээлин жогорулата алат, бирок аларга жеткиликтүү интернетке жеткиликтүүлүк болгон учурда гана алууга болот. Кореянын өнүгүшүнүн жогорку деңгээлинин себептеринин бири калкта бардык жерде интернетке жеткиликтүүлүк бар экендигинде турат.


Ошондой эле лектор жарандардын ачык билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүгү үчүн маалыматтык борборлор жана электрондук китепканалар зарыл экендиги жөнүндө айтып берди жана Кореядагы ушундай китепканалардын мисалдарын келтирди.


Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Кыргызстанда ачык билим берүү ресурстарын алга илгерилетүү боюнча маалыматтык компанияларды жүргүзүү» долбоорунун алкагында уюштурган, аны «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Маалыматтын эркиндиги» программасынын колдоосу менен ишке ашырып жатат.