«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: «Ч.Т. Айтматовдун китептери боюнча» шаардык китеп окуучулардын конкурсу

December 22, 2015, 06:00

2015-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Жылдыздар бөкөтөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында Айтматов китеби китепканасында жазуучунун туулган күнүнүн 87 жылдыгына арналган «Ч.Т. Айтматовдун китептери боюнча» китеп окуучулардын шаардык конкурсун өткөрдү. Балдарга китепти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.В. Никитенко окуп берди.


Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги С.Ж. Мейрманова, Ч.Т. Айтматов атындагы № 63 гимназия мектептин директору А.А. Давлетова, тандоо турунун жеңүүчүлөрү, борбор шаардын билим берүү уюмдарынын окуучулары, мектептердин педагогдору, ата-энелер катышты.


Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги С.Ж. Мейрманова шаардык конкурстун жыйынтыктары боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүн байгелер жана ардак грамоталар менен сыйлады. Жеңүүчүлөргө байге катары Ч.Т. Айтматовдун китептери тапшырылды.