«Биринчи радио» жыл мыктыларын атады

December 29, 2015, 06:00

Коомдук каналдын “Биринчи радиосу” жыл мыктыларын аныктады. Буга байланыштуу, бүгүн радионун эмгек жамааты конокторун түз эфирге чакырып, сыйлыктарды тыпшырды. Наамдар - мыкты саясатчы, мыкты депутат, дарыгер, таза мэр, мыкты ишкер жана башка номинациялар боюнча ыйгарылды.

 

Маселен, президент Алмазбек Атамбаев “Жылдын адамы” наамына татыса, өткөөл мезгилдеги өлкө башчы Роза Отунбаева жылдын мекенчил атуулу болду. 

 

Белгилей кетсек, мындай саамалык үчүнчү жылы өтүп жатат. Былтыр жыл мыктысы наамына 20дай адам татыктуу болсо, быйыл алардын саны 30га жетти.

 

Коомдо орду бар жыл мыктыларын "Биринчи радионун" угармандары добуш берүү аркылуу тандаган.


/ktrk.kg/