Ноокат районунда аялдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча эки ишембилик мектеп ишин аяктады

December 20, 2015, 06:00

Ноокат районунда «Роза Отунбаеванын Демилегелери» ЭКФ колдоосу алдында аялдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча эки ишембилик мектеп ишин аяктады, математика, физика, биология, химия, информатика сабактары боюнча 64 мугалим алардын катышуучулары болушту.

 

Нокаат районундагы ишембилик мектептер Ош ш. аялдары үчүн жайкы ишембилик мектептердин уландысы болуп калды. Ош жайкы мектептеринин катышуучуларынын башкы каалоолору Кыргызстандын айылдарындагы мугалимдер үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча сабактарды уюштуруу болгонун эсиңиздерге салабыз. Ноокат районунун мектептери Фондго өздөрүнүн компьютердик класстарын сабактар үчүн берүү сунуштары менен кайрылышкан.

 

Сабактар 2015-ж., 7-ноябрынан 19-декабрына чейин, саат 09:00дөн – 13:00гө чейин М. Бостонов атындагы ОМ жана Ноокат районунун М. Гапаров атындагы мектеп-гимназиясында өткөрүлдү. Ишембилик мектептердин окутуучулары Ош Мамлекеттик Университетинин окутуучулары болушту.

 

Сабактардын убагында катышуучулар электрондук почтону пайдаланууну жана компьютердик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана интернетти колдонууну эле эмес, ошондой эле WhatsApp соц.тарамдарында иште көндүмдөрүнө ээ болушту, жана анын жардамы менен билдирүүлөрдү алмашууну жана өз тажырыйбаларын бөлүшүүнү башташты.