«Келечекте ИИБ иштөө үчүн жогорку класстын окуучу кыздарынын дараметтерин жогорулатуу» боюнча тренинг

December 19, 2015, 06:00

2015-ж., 15–18-декабрында «Роза Отунбаеванын Демилегелери» ЭКФ «Устат-3. Дүйнө жана ишеним: укук тартиби органдарына жана сот адилеттигине карата тең жеткиликтүүлүк» долбоорунун алкактарында, БУУнун УНП финансылык колдоосу астында ИИМ жана КР аял-милиционерлеринин Ассоциациясы менен өнөктөштүктө Нарын, Каракол жана Талас шаарларында тренинг болуп өттү.

 

Тренингге жогорку класстардын 60 окуучу кызы, долбоордун насаатчылары – ИИБ аял кызматкерлери катышышты, Машыктыруучулар катары гендердик билим берүү, ИИБ жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү, мектеп окуучуларын адам укуктары, сынчыл ой жүгүртүүгө жана башка темеларда окутуу боюнча тажырыйбалуу машыктыруучулар болуп саналышкан Абдиева Банур жана Арапова Эльмира чакырылышты.

 

Тренингдин максаты – болочокто ИИБ иштөө жана ИИМ Академиясына окууга өтүүлөрү үчүн жогорку класстардын окуучу кыздарынын сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн жогорулатуу, өз алдынчалыктарын, лидерлик сапаттарын өнүктүрүү.

 

Интерактивдүү формада таанышкандан кийин тренингдин негизги бөлүмү башталды, анда машыктыруучулар катышуучуларга укук коргоо органдарындагы аялдардын ролунун маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүп беришти. Жашы жетелектерди жана аялдарды коргоону камсыз кылуу тутуму жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

 

«Укуктарды топтоштуруу» практикалык-оюн сабагында катышуучулар өздөрүнүн «Адам укуктарынын Бүткүл жалпы декларациясы» жана «Баланын укуктары жөнүндө Конвенция» тууралуу билимдерин бышыкташты.

 

Көрмө чыгырыктын жардамы менен катышуучулар үй-бүлө түзүүдөгү жана күтүүдөгү эле эмес, ошондой эле коопсуз коомду жана коргоону калыптандыруудагы аялдардын ролун талдоого жана түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

 

Андан ары, машыктыруучулар катышуучуларга сынчыл ой жүгүртүү, ар түрдүү булактардан маалыматтарды кантип алуу, фактыларга жана кырдаалдарга баа берүү, кырдаалдардын адекваттуу моделин кантип куруу жана кабыл алынган чечимдерди негиздөө керек экенин айтып беришти.

 

Тренингдин корутунду бөлүгүндө лидерлик сапаттардын табияты жана аларды өнүктүрүү тууралуу маалыматтар берилди, тренингдин интерактивдүү усулдарынын жардамы менен катышуучулар өздөрүнүн лидерликтеринин тибин аныктоого мүмкүнчүлүк алышты жана өздөрүнүн күчтүү жактарын өнүктүрүүгө жана алсыздыктарын жоюуга үйрөнүштү.