Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүү

December 19, 2015, 06:00

Кыргызстанда каттоого алынган 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген 22 миң баланын ичинен 6 миңи гана жалпы билим берүү мекемелеринде окушат. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз-конференциясында Майып-балдардын ата-энелеринин Ассоциациясынын (МБАА) координатору Тамара Балкибекова билдирди.

 

Анын айтканы боюнча,калган балдар менен эмне болуп жатканы белгисиз: «Республикада адамдарды мындай категориялары үчүн өзгөчө багууну жана билим берүүнү камсыз кылуучу бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Бирок аларды көпчүлүгү мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүгө камтылган эмес. Бишкекте бир гана күндүзгү жана аймактарда төрт борбор бар, алар айыл өкмөттөрүнүн камкордугуна алынган. Эгерде мисалга биз жакында эле барып кайткан Македонияны ала турган болсок, анда өлкөнүн калкынын саны биздикинен эки эсе аз, бирок аларда ушундай 31 мамлекеттик борбор бар. Бул өзгөчө муктаждыктагы өспүрүмдөрдү мамколдоого алуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып турат. Кыргызстанда аларга бийлик органдары тарабынан талаптагыдай көңүл бурулбай калып жатканы өкүнүчтүү».

 

МБАА төрагасы Тамара Жумабекова айткандай, бул уюмда күндүзгү борборлорду ачуу үчүн материалдык база бар жана алардын воленторлору көп жагынан жардам берүүгө, барынан мурда, майып-балдарды окутууга жардам берүүгө даяр, бирок бул үчүн аларга орун жай керек.

 

Педагог Салтанат Төрөбекова белгилегендей, мындай оорулуулар дагы коомго пайдалуу боло алышат, алар кесипке ээ боло алышат, эч ким үчүн жүк болбой коё алышат. Тажырыйба көрсөткөндөй, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар окууга жана жазууга жөндөмдүү болушат, аларды окутуу гана керек. Ошондуктан тийиштүү мамлекеттик органдар бул көйгөйлөрдү чечүү менен олуттуу жана тыкыр алектенүүлөрү керек.

 

Автор: Ширин Төрөгелдиева

Булагы:КАБАР

 

Бул көрмө ден соолуктарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды окутууда ар түрдүү керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кыйла ийкемдүү болгон сабак берүүнүн жана окутуунун ыкмаларын чагылдырат.