КР ИИМ Академиясында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р. И. Отунбаева менен жолугушуу болуп өттү

December 19, 2015, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы КР ИИМ Академиясында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын Демилегелери» ЭКФ уюмдаштыруучусу Р. И. Отунбаева менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу БУУнун Кыргызстандагы баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы, КР Ички иштер министрлиги жана КР аял-милиционерлеринин Ассоциациясы менен бирдикте «Роза Отунбаеванын Демилегелери» Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Устат-3. Дүйнө жана ишеним: укук тартиби органдарына жана сот адилеттигине карата тең жеткиликтүүлүк» долбоорунун алкактарында өткөрүлдү. Бул долбоордун максаты милициядагы гендердик жана этностук өкүлчүлүктү жакшыртуу максаттарында орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында кесиптик багыт берүү жумуштарын жүргүзүү аркылуу милицияга карата ишенимди чыңдоого көмөктөшүү менен ИИБ кызмат кылуунун абройун жогорулатуу болуп саналат.

 

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын начальниги, ю. и. к. милициянын полклвниги А. К. Бийбосуновдун кириш сөзү менен башталды, ал анда «Устат-3» долбоорунда Академиянын жети кызматкери насаатчы болуп саналышарын жана бүгүнкү күндө алардын шакирттери мында катышып отурушканын белгиледи, жана бүгүнкү жолугушуу милицияга карата болгон ишенимди чыңдоо жана ички иштер органдарында кызмат кылуунун абройун жогорулатуу боюнча биргилешкен иштер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына үмүт жаратарын билдирди, ошондой эле КР ИИМ Академиясынын Окумуштуулар кеңешинин «КР ИИМ Академиясынын Ардактуу профессору» наамын ыйгаруу жөнүндө чечимин жарыялап, ага медаль тапшыруу менен Р. И. Отунбаевага жемиштүү эмгеги үчүн терең ыраазылык билдирди.

 

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти өз сөзүндө өздүк курамга жылуу кабыл алышканы үчүн ыраазылык билдирди жана «Ардактуу профессор» наамы аны Академия менен мындан дагы тыгыз иштешүүгө, идеяларды бөлүшүүгө, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө милдеттендирерин белгиледи жана милиция органдарына ишенимди чыңдоо жана ишинин туруктуулугу үчүн ал көп улуттуу болушу керек экени жөнүндө, ал эми бизде болсо бир улуттун өкүлдөрү басымдуулук кыларын айтып берди, жолугушуунун катышуучуларын милиция органдарына башка улуттурды тартуу жаатында ойлонууга чакырды, ошондой эле аялдардын болушу милиция органдарынын ишинин туруктуулугун камсыз кыларын белгиледи. Азыркы учурда аялдарга жана балдарга карата зомбулуктар өсүүдө. Эркектер муну менен өз алдыларынча күрөшүүгө күчтөрү жетпей калууда. Жабыр тарткан аялдар ал кандай ганан кесипкөйлөр болушпасын, ар дайым эле өзү менен болгон окуя тууралуу эркек-милиционерге айтып бере алышпайт. Милиция органдарында аялдардын ролу абдан салмактуу, керек жана сезилерилик экенин ал өз сөзүндө ачык айтты.

 

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Н. А. Касымбаев күн өткөн сайын Ички иштер министрлиги ИИБ тутумунда аялдардын өкүлчүлүгүнүн жетиштүү болуусуна чоң көңүл буруп жатканы жөнүндө айтып берди, мисалы Академияда 115 аял-кызматкерлер ийгиликтүү эмгектенип келе жатышат, бул Академиянын кызматкерлеринин жалпы санынын 45,1%ын түзөт, алардын ичинен жетекчи кызматтарда 8 аял-кызматкер турат, 265 курсант-кыздар окушат, бул окуп жатышкандардын 17%ын түзөт. 2010-жылы Кыргызстандын аял-милиционерлеринин Ассоциациясы уюшулган, аны биздин кесиптешибиз, тарых илимдеринин доктору, милициянын полковниги Айдаркул Каана жетектеп келе жатат. Бул аялдардын кылмыштуулук менен күрөшүүгө олуттуу салым кошуп жатышканын жана алар өздөрүнө жүктөлгөн кандай гана болбосун милдеттерди аткара алышарын күбөлөп турат.

 

Өз кезегинде адам укуктары, гендердик жана коррупциялык саясат боюнча КР ИИМ Академиясынын начальнигинин Кеңешчиси, Кыргызстандын аял-милиционерлеринин Ассоциациясынын Төрагасы, т. и. д. профессор, милициянын полковниги Айдаркул Каана «Устат-3. Дүйнө жана ишеним: укук тартиби органдарына жана сот адилеттигине карата тең жеткиликтүүлүк» долбоорунун бет ачарын өткөрдү. Долбоордун бер ачарын өткөрүү учурунда А. Каана алар долбоорду ишке ашыруу убагында кандай тоскоолдуктарга кабылышканын айтып берди. Бул ата-энелердин Академияда жашоонун жана окуунун шарттары, документтерди берүү маселелери (жогорку врачтык комиссия) шарттары менен кабардар эмес болушканы, мектептерде спорттук секциялардын жана дене тарбия сабактарынын жоктугу, Академияда кыздар үчүн турмуш-тиричилик шарттарынын (жатакананын) жоктугу.


А. Каана тарабынан айтылган тоскоолдуктар боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Н. А. Касымбаев ИИМ жетекчилиги айтылган көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнө ойлоноорун жана «Устат-3» долбоорунун максаттарына жетүү боюнча бардык тоскоолдуктарды жана тобокелдиктерди жоёруна ишендирди.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р. И. Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин мүчөлөрү А. С. Өмүрбеков жана И. А. Маннанов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Н. А. Касымбаев, Кыргызстандын аял-милиционерлеринин Ассоциациясынын Төрагасы, т. и. д. профессор, милициянын полковниги Айдаркул Каана, КР ИИМ Академиясынын жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы, курсанттары жана студенттери катышышты.

 

Иш чаранын жүрүшүндө ошондой эле КР ИИМ Академиясы боюнча таанышуу экскурсиясы өткөрүлдү.

 

Кеңири маалыматтарды төмөнкү телефондор боюнча алууга болот: 0312 660382, 0555007443, http://www.roza.kg/