«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» Ч.Айтматовдун китептерин окуйбуз

December 16, 2015, 06:00

2015-жылдын 12-декабрында Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте Ленин районунун № 84 жалпы билим берүүчү мектебинде кенже класстардын окуучулары үчүн «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовду эскерүүгө арналган майрамдык иш-чараны өткөрдү.

 

Бул күнү окуучулар педагогдор жана меймандар менен бирдикте улуу жазуучунун өмүрү жөнүндө, анын чыгармачылыгы жөнүндө, анын Кыргызстандын маданиятына жана өнүгүшүнө кошкон салымы жөнүндө эскеришти.

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары Н.В. Никифорова Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестин окуп берди, окуучулар сүйүктүү чыгармалардан үзүндүлөрдү жатка айтып берди, Мекен жөнүндө ырларды ырдашты, чакан спектаклдерди көрсөтүштү. Кыскасы, майрам майрамдай болду!