Роза Отунбаевага «КР ИИМ Академиясынын Ардактуу профессору» наамын беришти жана медаль тапшырышты

December 16, 2015, 06:00

«Устат-3» долбоорунун презентациясынын алкагында бул ЖОЖдо ошондой эле «Менин атам Дэн Сяопин маданий революция жылдарында» китеби сунуш кылынды, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ чыгарган.

 

2015-жылдын жылдын 15-декабрында КР ИИМ Академиясында «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбоорунун презентациясы болуп өттү, ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген жана БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча Кыргызстандагы башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.

 

Презентацияга Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин мүчөлөрү А.С. Өмүрбекова жана И.А. Маннанов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын полковниги Н.А. Касымбаев, КР Милиционер аялдарынын ассоциациясынын төрагасы, д.и.н., профессор, отставкадагы милициянын полковниги Айдаркул Каана, КР ИИМ Академиясынын жетекчилиги, профессордук-окутуучу курамы, курсанттары жана студенттери катышты.

 

Иш-чараны КР ИИМ Академиясынын биринчи курста окуган курсанттарынын хору «Милициянын маршы» ыры менен ачты.

 

КР ИИМ Академиясынын зардалы милициянын полковниги Бийбосунов Отунбаеванын үзүрлүү эмгеги үчүн ага ыраазычылык билдирди жана «КР ИИМ Академиясынын Ардактуу профессору» наамын берүү жөнүндө КР ИИМ Академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечимин жарыя кылып, ага медаль тапшырды.

 

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөп, мээримдүү кабыл алгандыгы үчүн өздүк курамга ыраазычылык билдирди жана «Ардактуу профессор» наамы аны Академия менен мындан да тыгыз иштөөгө, ой-пикирлерди бөлүшүп турууга жана ар тараптан колдоо көрсөтүүгө милдеттендирет деп белгиледи.

 

Жолугушууда ошондой эле улуттук, гендердик маселелер көтөрүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын полковниги Н.А. Касымбаев өз сөзүндө демилгеленип жаткан долбоорго КР ИИМ жетекчилиги өтө зор көңүл бурат, анткени анын аркасында ИИМ өзүнүн деңгээлин мындан да жогору көтөрө алат деп белгиледи.

 

Ушул эле күнү «Менин атам Дэн Сяопин маданий революция жылдарында» китебинин презентациясы болуп өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду чыгарган.

 

Визиттин жүрүшүндө ардактуу меймандар үчүн КР ИИМ Академиясы боюнча тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлдү. Иш-чаранын аягында эстеликке фотого түшүштү.