«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» Кыргызстандын Эл артисти Асылбек Өзүбеков

December 16, 2015, 06:00

12-декабрда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясына Кыргызстандын Эл артисти Асылбек Өзүбеков келди. Асылбек биздин китеп окурмандарыбызга биринчи жолу келиши эмес экенин белгилеп кетүү керек. Жолугушуу мээримдүү жана жайлуу жагдайда өттү. Бул акция бүткүл дүйнөгө белгилүү жазуучу мекендешибиз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналды, ага көптөгөн мектептерден келген балдар чогулду. Балдар акциянын процессине абдан жигердүү катышты: ырларды, тамсилдерди жана чыгармалардан үзүндүлөрдү айтып беришти. Чыгармаларды айтып берип жаткан балдар «Биринчи мугалим», «Жамиля», «Эрте келген турналар» сыяктуу жана башка чыгармаларды да көңүлдүн сыртында калтырган жок. Балдар улуу жазуучубуз Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын мыкты, терең билгендиги жана сүйгөндүгү менен абдан таң калтырды.

 

Анан, албетте, салт боюнча, көркөм сүрөт тартуу боюнча педагог Мария Бочконун жетекчилиги астында балдар чыгармалардын каармандарынын сүрөтүн тартты. Алардын иштеринин көпчүлүгү өзүнүн кайталангыстыгы, батылдыгы жана таланттуу аткарылышы менен таң калтырат.