Декабрдын 5,8,10,11 күндөрү Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Жогорку окуу жайларда кездешүүлөрү болуп өттү

December 16, 2015, 06:00

2015 - жылдын 5, 8, 10, 11 декабрында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаеванын Токмок шаарындагы Эл аралык Борбор Азия университетинде, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде жана К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде кездешүүлөрү болуп өттү.


Бардык кездешүүлөрдө Р.И. Отунбаева өз сөзүндө китеп окуунун маанилүгүн, кыздардын так илимдер жаатында билим алуусун, ошол тармактарда иштөө зарылчылыгын, мекендештер өз күчүн Кыргызстанга жумшашы керектигин баса белгилеп айтуу менен бирге «Өмүрү өрнөк инсандар» китептеринин сериясы чыгарылып жаткандыгын жана сериянын алкагында биринчилерден болуп чыккан Кытайдын эле эмес Дүйнө реформатору Дэн Сяопин жөнүндө «Менин атам Дэн Сяопин маданий ыӊкылап жылдарында» китеби тууралуу, азыркы учурда Махатма Гандинин «Өз өмүр таржымалым» же «Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым» аттуу баянын англис тилинен кыргызчага которулуп бүтүп басылып чыгарылганга даярдалып жаткандыгын, «Өмүрү өрнөк инсандар» китептер сериясынын башкы максаты болуп Дүйнөлүк икона сыяктуу адамдардын өмүр-таржымалын кыргыз тилине которуп коомчулукка тартуулап берүү болгондугун айтты.


Жогорку окуу жайларга болгон алгачкы кездешүү 5 декабрда Токмок шаарында жайгашкан Эл аралык Борбор Азия университетинде башталды. Эки саатка созулган кездешүүнү университеттин провосту К.Д. Шаршекеева модератор болуп алып барды. Программанын мазмунун «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартиби жана сот адилеттиги органдарына бирдей жеткиликтүүлүк», «Аялдар техникада жана илимде» (STEM), «Ачык билим берүү ресурстары» долбоорлору жана «Менин атам Дэн Сяопин маданий ыӊкылап жылдарында», «МЕКЕНДЕШТЕР: Кыргызстандын келечегине салым» китептеринин презентациялары түздү. Презентацияларды Айдаркул Каана, Кыргыз милиция айымдар ассоциациясынын төрайымы, милициянын полковниги; Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы, журналист, публицист, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Тарых Коомунун президенти; Анипа Усупкожоева, Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун директору; Чоробек Сааданбеков «Биздин Мурас» Коомдук фондунун директору тартуулашты. Кездешүү жылуу маанайда, кызыктуу өтүп өз уландысын Бишкек шаарында жайгашкан жогорку окуу жайларга жылды.


Биринчилерден болуп Бишкектеги кездешүү 8 декабрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде орун алды. Кездешүүнү университеттин ректору С.Балжы ачып, сөздү Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаевага берүү менен баштады. Универститтеги кездешүүдө Кытай мамлекети жана Дэн Сяопиндин жөнүндө кенен маалыматты Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору Ж.М. Кулубаев айтып берсе, «Менин атам Дэн Сяопин маданий ынкылап жылдарында» китебинин презентациясын Тынчтыкбек Чоротегин, «Ачык билим берүү ресурстары» долбоорунун презентациясын, Чоробек Сааданбеков, «Аялдар техникада жана илимде» (STEM) долбоорунун презентациясын Мээрим Имаш кызы, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти айтып беришти. Кездешүү студенттердин суроо-жооптору менен аякталды.


Кийинки кездешүү обондуу көркөм номерлер менен И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде башталды. Кездешүүнүн алкагында кыргыз тилинде жарык көргөн «Менин атам Дэн Сяопин», «МЕКЕНДЕШТЕР: Кыргызстандын келечегине салым» китептеринин жана «Ачык билим берүү ресурстары», «Аялдар техникада жана илимде» (STEM) аттуу долбоорлордун кенен презентацияларына чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар факультетинин студенттери, мугалимдери күбө боло алышты . Бул кездешүүдө «Ачык билим берүү ресурстары» долбоорунун презентациясын Уланбек Мамбетакунов, Бишкек Финансы – Экономикалык Академиясынын Фундаменталдык дисциплиналар департаментинин башчысы айтып бергендиги менен айырмаланды.


Жыйынтыктоочу кездешүү К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде болуп өттү. Кездешүү окуу жайда кооз кытай бийи менен башталды. Р.И. Отунбаева Кездешүүлөрдүн алкагында кыргыз тилинде жарык көргөн «Менин атам Дэн Сяопин», «МЕКЕНДЕШТЕР: Кыргызстандын келечегине салым» китептеринин жана «Аялдар техникада жана илимде» (STEM), «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартиби жана сот адилеттиги органдарына бирдей жеткиликтүүлүк» аттуу долбоорлорун кенен айтып берди. Т.К. Чоротегин «Менин атам Дэн Сяопин маданий ыӊкылап жылдарында» жана кыргыз Википедиясы тууралуу маанилүү жактарына токтолуп, салыштырмаларды келтирип өз ойу менен бөлүштү. Көрүнүктүү публицист, журналист Нурушев Эсенбай, өз кезегинде «Менин атам Дэн Сяопин маданий ыӊкылап жылдарында» китебинин мазмунуна жана улуу реформатордун бейнесине басым жасап айтып берди.


Кенен маалыматты төмөнкү байланыш телефондор аркылуу алсаӊыздар болот: 0312 66 03 82, 0312 66 03 68.