«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Инклюзивдин билим берүү – келечекке карай жол» маалыматтык-пропагандалык кампаниясы» жаңы долбоору старт алып жатат

December 15, 2015, 06:00

Декабрдан тартып ЭКФнын «Инклюзивдин билим берүү – келечекке карай жол» маалыматтык-пропагандалык кампаниясы» долбоору старт алып жатат, анын максаты мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүк жөнүндө коомго маалымдоо болуп саналат.

 

Кыргызстанда 6 жаштан 18 жашка чейинки курактагы өзгөчө муктаждыктары бар 22000ге жакын бала катталган. Алардын ичинен 6000инин гана окууга мүмкүнчүлүгү бар. Билимдин жана кесиптин жоктугу аларды чоң кишилерге көз каранды кылат, ошондой эле үй-бүлөнүн улуу курактагы мүчөлөрүнүн бири, эреже катары, майып баланы багуу үчүн үйдөн чыкпайт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга билим берүү, аларды окутуу жана ишке орноштуруу боюнча программаларды өнүктүрөт жана колдойт. Бул акча табуу мүмкүнчүлүгүн, көзкарандысыздыкты жана көбүрөөк финансылык туруктуулукту берет.

 

Азыркы учурда мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын билимге жеткиликтүүлүгү боюнча пилоттук долбоор Москва районунда өткөрүлүп жатат. Долбоордун алкагында 6 жаш курактагы бардык балдар, анын ичинде өзгөчө муктаждыктары бар балдар мектепке кирээр алдындагы даярдоонун бир жылдык программасынан өтүп жатат. Бул ДМЧ балдардын так санын белгилөөгө мүмкүндүк берип гана тим болбостон, ошондой эле ата-энелерге жана мугалимдерге баланы багуу боюнча конкреттүү сунуштамаларды берүүгө, ал эми балага ал үчүн алгылыктуу деңгээлде жана көлөмдө мектепке даярдоо программасынан өтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Келечекте бул өзгөчө муктаждыктары бар балдарга мектепке чейинки, мектепке кирээр алдындагы жана мектептеги билим берүү программаларына жеткиликтүүлүктү алууга мүмкүндүк берет.

 

Долбоордун алкагында өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билимге жеткиликтүүлүгүнүн темасы газеталарда, телекөрсөтүүдө жана радиодо чагылдырылат.