«Устат-3» долбоорунун шакирттерин тандоо аяктады

December 12, 2015, 06:00

11-декабрда Бишкек шаарында «Устат-3» долбооруна катышуу үчүн шакирттерди тандоо болуп өттү. Бишкек шаары долбоордун катышуучуларын тандоонун акыркы жана аяктоочу пункту болуп калды.

 

Борбор шаарда долбоорго катышууну каалагандардан 45 анкета алынды, алардын ичинен 31ин долбоордун насаатчыларынын өздөрү тандап алды.

 

Эске сала кетсек, долбоордун калган алты пилоттук шаарында тандоо процесси ноябрдын ичинде өттү, андан соң насаатчылар жана алардын шакирттери биргелешкен ишти баштады.

 

Долбоор бардыгы болуп Кыргызстандын бардык региондорунан 502 анкета алды, анын натыйжасында 121 катышуучу тандап алынды.

 

Долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан КР ИИМ, КР Милиционер аялдарынын ассоциациясы менен кызматташтыкта, БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу менен ишке ашырылып жатат.