Бишкекте «Лотос кыз» балет-спектаклинин премьерасы болду

December 14, 2015, 06:00

13-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кытай жомокторунун мотивдери боюнча “Тунгуч” театрынын жаңы «Лотос кыз» музыкалык спектаклинин премьерасы болду.

 

Спектаклдин премьерасына Кыргыз Республикасынын экс-Президент Р.Отунбаева, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин иштерге убактылуу ишенимдүү адамы У Чанхун мырза, Конфуций Институтунун өкүлдөрү, ошондой эле шаардык билим берүү мекемелеринин, балдар үйлөрүнүн жана жатак мектептердин кенже класстарынын окуучулары катышты.

 

Кытай жомокторунун сюжеттери демейдегиден башкача фантастикалуу, аларда адамдар гана эмес, ошондой эле ажыдаарлар, периштелер, жин-шайтандар башкы каарман болуп калат. Кытай мифологиясында ажыдаар Ян деген жакшы негиздин символу жана бүтүндөй алганда кытай улутун сактоочу болуп саналат. Ажыдаарда жаныбарлардын мыкты сапаттары топтолгон: төөнүн башы, эликтин мүйүзү, шайтандын көзү, жыландын моюну, карп балыгынын кабырчыгы, бүркүттүн тырмактары, жолборстун колдору жана уйдун кулактары.

 

Балдар каармандардын ар бир кыймылына кунт койгонуна, Лотос менен Фэн үчүн жан тартканына жана Ажыдаар менен Желмогуздун кармашына берилип көз салганына караганда, оюн премьеранын башкы катышуучуларына – балдарга жакты деп ишеничтүү айтууга болот.

 

Элима 8 жашта, №64 мектеп-гимназия: «Мен театрга өз үй-бүлөм менен келдим, мага Лотос кыз баарынан көбүрөөк жакты. Анын көйнөгү абдан кооз экен, анан ал абдан сонун бийледи. Мен өзүмдүн классташтарыма айтып барам, кийинки жолу биз спектаклге алар менен бирге келебиз»

 

Бекзат, 5 жашта, №10 балдар бакчасы: «Мага желмогуздун ажыдаар менен кармашы баарынан көбүрөөк жакты»

 

Айбике, 6,5 жашта, №117 балдар бакчасы: «Мен бүгүн спектаклге атам-апам менен бирге келдим. Ал мага абдан жакты, кыздын көйнөгү абдан кооз экен, анан дагы желпингичи бар кыз жакты, бардыгы жакты. Ыракмат»

 

Арслан, 5 жашта, №117 балдар бакчасы: «Мага кичинекей кыз эже-сиңдилери менен бирге гүлдү ачканы жакты, анан гүл-кызды желмогуз уурдап кетти, анан кичинекей бала ажыдаар менен бирге аны куткаруу үчүн жөнөштү»

 

Оюн коюучу режиссер – Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова.

Экинчи режиссер – Асель Чоккараева

Сүрөтчү – Бакыт Тилекматов

Хореограф-музыканттар – Мурат Шалтаев, Турдубек Алиев

Спектаклде «Тунгуч» театрынын алдындагы театр студиясынын студенттери ойноду

 

Спектаклди кайталап көрсөтүү төмөнкүдөй өтөт: 18-декабрда Кожомкул атындагы Спорт сарайында жана 4-6-январда Кыргыз улуттук филармониясында. Билеттердин наркы - 100 сом.