Балдарга арналган спектакль-балет коюлат

December 14, 2015, 06:00

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кытай элинин жомокторунун негизинде даярдалган “Лотос кыз” аттуу спектакль-балеттин бет ачары өттү. Спектакль мектеп окуучуларына жаңы жылдык белек катары тартууланып, жаштарды маданиятка, театрга тартуу максатын көздөдү. Спектаклде турмуштун сыноосу татаал болоору, түрдүү кыйынчылыктардан сынбай өтүү идеясы камтылган. Оюнду коюууга “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду колдоо көрсөтүп, “Тунгуч” театрынын артисттери сахналаштырган

 

“Лотос кызды” койгон режиссер - Жамал Сейдакматова, сүрөтчүсү - Бакыт Тилекматов. Спекталди аталган театрдын алдындагы студиянын студенттери ойнойт. Спектакль 18-декабрда Кожомкул атындагы Спорт сарайында, ал эми 4нөн 6-январга чейин Улуттук филармонияда көрсөтүлөт.