Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева коомдук кеңештердин өкүлдөрүнө Казакстандан үлгү алууга кеңеш берди.

December 4, 2015, 06:00

Жарандык демилгени алга илгерилетүү үчүн аянтча болуп калган коомдук кеңештер бар, бирок декоративдүү орган болуп калгандары да бар. Бул жөнүндө 4-декабрда КР мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин ар жылдагы конференциясында премьер-министр Темир Сариев айтты.

 

Премьер билдиргендей, ноябрда коомдук кеңеш жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин коомдук кеңештин мүчөлүгүнө тандоо башталды, бардыгы болуп 600 арыз келип түштү, алардын ичинен 256 адам тандап алынды.

 

«Министрликтер коомдук кеңештердин мүчөлөрү менен жолугушуп турууга тийиш, ал эми Өкмөттүн Аппараты бул жолугушуулардын мониторингин жүргүзүп турат», – деп белгиледи премьер.

 

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева коомдук кеңештердин өкүлдөрүнө Казакстандан үлгү алууга кеңеш берди.

 

«Коңшу өлкөдө кандай мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр берилээрин окугула, аны биздин министрликтерге сунуш кылгыла, силерде убакыт көп. Мен Бишкек шаарынын сайтын таба алган жокмун, бирок Алматы шаарынын мыкты сайты бар, ал жерде керектүү нерселердин бардыгы, ар бир объекттин, коомдук кеңештердин схемалары, жайгашуусу бар. Ал жактан пайданы алуу үчүн сындап олтура берүүнүн кереги жок, андан көрө министрликтерге жардам берүү керек», - деп айтты Р.Отунбаева.