Жайлоодогу балдар бакчаларынын тарбиячылары үчүн «Биоөсүмдүк ар түрдүүлүгү, салтка айланган билимдер жана улуттук оюндар» боюнча тренинг

December 4, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» жана «Жайлоодогу балдар бакчалары – балдарды өнүктүрүү борборлору» долбоорлорунун алкагында, Кристенсен Фондунун финансылык колдоосу менен 26-27-ноябрда Ысык-Көл областынын Каракол шаарында эки күндүк семинар болуп өттү.

 

Тренингге 30дан ашык катышуучу катышты, булар жайлоодогу балдар бакчаларынын тарбиячылары, ошондой эле Ысык-Көл областындагы балдар бакчаларынын жетекчилери жана тарбиячылары.

 

Тренингдин максаты балдар үчүн улуттук оюндарга басым жасоо менен биоөсүмдүк ар түрдүүлүгү жана кыргыз элинин салттуу билимдери жөнүндө маалымат берүү болду.

 

Тренинг 2 блоктон турду. 1-блокто биоөсүмдүк ар түрдүүлүк жана салттуу билимдер, аларды тарбиялоо процессине жана билим берүүгө интеграциялоонун маанилүүлүгүн түшүнүү темасына жалпы маалымат берилген.

 

Тренингдин экинчи бөлүгү – улуттук оюндарды өткөрүү менен жана алардын ден соолук жана келечек муунду тарбиялоо үчүн пайдасын көрсөтүү менен практикалык болду.

 

Тренингдин бардык катышуучуларына Улуттук оюндар боюнча китептер, эко-плакаттар жана эко-календарлар таратып берилди.

 

Мындан тышкары, тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга аткарылган иштер жана «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорун өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө маалымат берилди, ошондой эле 2015-жылдагы жайлоодогу балдар бакчалары жөнүндө отчеттук видеоролик көрсөтүлдү (Карап көрүү үчүн шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=Nq_xcjrdj00).

 

Семинардын машыктыруучулары:

 

Акматова Кулуйпа Каракойчуевна – тажрыйбалуу машыктыруучу, биоөсүмдүк ар түрдүүлүгү жана салттуу билимдер боюнча эксперт, Rural Development Fund кызматкери.

Рысмендиева Альбина Адыловна – тажрыйбалуу машыктыруучу, биоөсүмдүк ар түрдүүлүгү жана салттуу билимдер боюнча эксперт, Rural Development Fund кызматкери.

 

Кең-кесири маалымат төмөнкүдөй телефондор боюнча: 0 312 66 03 68; 0 556 54 91 54