Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларында «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбооруна катышуу үчүн жогорку класстардагы кыздарды конкурстук тандоо өттү

December 1, 2015, 06:00

25-27-ноябрда «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбооруна катышуу үчүн Ош шаарынын, Баткен шаарынын жана Жалал-Абад шаарынын жогорку класстарынын кыздарын конкурстук тандоо өттү.

 

Долбоорду БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ КР ИИМ, Кыргызстандын милиционер аялдарынын ассоциациясы менен кызматташтыкта ишке ашырып жатат.

 

Алсак, Баткен районунда долбоорго катышууну каалагандардан 19 анкета келип түшкөн, алардын натыйжасында Баткен шаарында 5 жана Кадамжай районунда 5 адам тандап алынды.

 

Тандоо өтүп жаткан кийинки пункт Жалал-Абад областы болду, ал жерде 95 анкета алынды, ал эми Жалал-Абад шаарында 4 адам жана Сузак районунда 4 адам тандап алынды.

 

Ош шаарында бардыгы болуп 111 анкета алынды, ал эми 15 кыз жана бала, этностук азчылыктардын өкүлдөрү тандап алынды.

 

Кыргызстандын башка шаарларындагыдай эле, насаатчылар шакирттер менен иштеп баштайт, анын алкагында шакирттер ИИОдогу кызматтын спецификасын түшүнөт, кызматка талапкерлерге коюлуучу талаптар, ошондой эле КР ИИМ Академиясына кабыл алуу эрежелери менен таанышат.

 

Ошондой эле түштүк регион боюнча тандоого КР милиционер аялдарынын ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Каана Айдаркул жана ИИМдин ардагери, милициянын полковниги Виктор Викторович Черноморец катышты.