Кара-Суу районунун 60 мугалими «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен компьютердик сабаттуулук окутуусунан өтүп жатат

December 8, 2015, 06:00

Кара-Суу районунун сегиз мектебинен математика, физика, биология, химия, информатика боюнча 60 мугалими компьютердик сабаттуулук курсунан өтөт. Курс 2015-жылдын 5-декабрынан 23-январына чейин өтөт.

 

Кара-Суу районунун 65 мектебинде интерактивдүү доскалар орнотулган, бирок мугалимдердин көпчүлүк бөлүгүнүн акылдуу доска менен иштөө жөндөмдөрү жок жана компьютерде иштөө жагынан көйгөйлөрү бар. Билим берүүгө маалыматтык технологияларды киргизүү көбүнесе мугалимдин эмгегин жеңилдетүүгө, окуучулардын окууга кызыгуусун, алардын натыйжалуулугун жана бүтүндөй алганда, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

 

Табигый-илимий жана так дисциплиналардын сабактарында компьютердик технологияларды колдонуу окуучулардын бул сабактарга кызыгуусун арттырат жана мектеп окуучуларын техникалык жана инженердик адистиктерге алып келет.

 

Курстун ичинде мугалимдер Microsoft Office пакети менен иштөө жөндөмдөрүнө ээ болот, атап айтканда, презентацияларды түзүүгө, электрондук почта жана электрондук ресурстар менен иштөөгө үйрөнөт, алар ушуларды сабак өтүү учурунда пайдалана алат, ошондой эле интерактивдүү доска менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билет.

 

Алсак, Кара-Суу районунун Ч.Айтматов атындагы мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Барно Эргешбаева мектепке катышуусу жөнүндө таасирленүүлөрү менен бөлүштү: «Мен көп жылдан бери мектепте мугалим болуп иштейм жана өз сабактарымды өтүүгө чыгармачылык менен мамиле кылам. Компьютердик технологиялардын жана Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн өнүгүшү менен биздин окуучуларыбыз видеону көрүү, өз иштерин жазуу жана башкалар үчүн мобилдүү телефондордун жана компьютерлердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланат. Алар досканын, бордун, дептердин жана калемдин жардамы менен өткөрүлүүчү сабактарга кызыкпай калды. Билим берүүнүн сапаты начарлап баратат, мугалимдерге карата коом тарабынан көптөгөн терс пикирлер пайда болууда.

 

Мен, өз кесибин урматтаган адис катары, бул жагынан көп ойлондум. 2015-жылдын сентябрында, мен Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндөгү чогулушта болгондо, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Ишембилик мектебинде мугалимдер үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча курстарды өткөрүп жатканын билдим. Менин кесиптештерим компьютер менен иштөө боюнча жөндөмдөрдү мыкты өздөштүргөндүгү жана анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана баштагандыгы жөнүндө кубануу менен айтып беришти. Мен алар жөнүндө билбегендиктен улам бул курстан өтпөй калгандыгыма өкүндүм. Бирок Фонд курстарды кайрадан уюштуруп жатканы жөнүндө угуп-билип, аларга катышуу үчүн дароо келдим.

 

Курстарды уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Мугалимдердин көйгөйлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылып жана аларды чечүүгө аракет кылып жатканыңар үчүн ыракмат».

 

Эске сала кетсек, 2015-жылдын жайынан тартып Ош областында 30 жаштан улуу айымдар үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен компьютердик сабаттуулук боюнча мектеп өтүп жатат. Бүгүнкү күндө 135 аял окутуудан өттү.