«Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспораларынын потенциалын картирлөө» изилдөөсүнүн натыйжаларынын жана Кыргызстанды өнүктүрүүгө мекендештердин салымынын ийгиликтүү практикаларынын китебинин презентациялары

December 10, 2015, 06:00

15-декабрда Бишкекте «Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспораларынын потенциалын картирлөө» изилдөөсүнүн натыйжаларынын презентациясы өтөт, аны Швейцариянын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) жана БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) ишке ашырып жаткан Миграциялык курамды улуттук өнүктүрүү программаларына бардык жерде киргизүү боюнча биргелешкен глобалдык программанын «Мекендештер Форуму» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөрөт.

 

БУУнун Башкы Ассамблеясы 2001-жылдын 28-февралында жарыялаган Мигранттын эл аралык күнүнүн алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын катарында отчеттун презентациясы болот, анда чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын социалдык, маданий жана экономикалык өнүктүрүүгө катышуусунун мүмкүнчүлүктөрү чагылдырылат, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүгө мекендештердин салымынын мыкты практикалары жөнүндө китептин биринчи басылмасы презентацияланат.

 

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө жашап жаткан кыргызстандыктардын саны расмий маалыматтар боюнча 1 миллион адамды түзөт. Өлкөдөн кетип жаткандардын бардыгы өзүнүн алдына өзү жана өз үй-бүлөлөрү үчүн турмуш шарттарын жакшыртуу максатын коет. Кыргызстанда болсо алдыңкы билимдерге жана технологияларга курч муктаждык болууда, андыктан дал ушул мекендештер ушундай билимдердин жана технологиялардын булагы болуп саналат.

 

Диаспораларда адамдык капитал, финансылык жана тармактык ресурстар, баалуу жөндөмдөр жана билимдер жагынан эбегейсиз зор потенциал бар. Кыргыз диаспораларынын ичинде өзүнүн адистешүү тармагындагы жогорку квалификациялуу жана компетенттүү адистер бар. Алардын айрымдары өздөрүнүн эксперттик атаандаштыкка кудуреттүү билимдерин берүүгө даяр. Диаспоралардын бул мүчөлөрүн мобилизациялоо боюнча натыйжалуу каналдарды өнүктүрүү процессине тартуу маселелери мамлекет үчүн, ошондой эле диаспора үчүн өз ара кызыгууну билдирет. Диаспораны мобилизациялоо кыргыз идентивдүүлүгүнүн рухун чыңдоонун натыйжалуу механизми, өлкөнүн таламында чет өлкөлөрдө лоббирлөөнүн натыйжалуу стратегиясы боло алат. Картирлөөнүн жана талдоонун натыйжалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешке чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларын республиканы социалдык, маданий жана экономикалык өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга тартуу боюнча түзүмдөрдү иштеп чыгуу үчүн негиз болот деп пландаштырылууда. 

 

Изилдөөнүн мазмуну:

 

(1) негизинен өлкөнү өнүктүрүү үчүн мобилизациялоого жана пайдаланууга боло турган билимдерди, жөндөмдөрдү жана ресурстарды экспертизалоонун эсебинен Кыргызстанды өнүктүрүү демилгелерине жана долбоорлоруна диаспораларды мобилизациялоо үчүн алардын потенциалын аныктоо;

(2) Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча конкреттүү долбоорлорго активдүү катышып жаткан же катышууга таламдаш болгон учурдагы диаспораларды издөө жана табуу;

(3) диаспораларды тартууга мамлекеттик органдардын даярдыгынын деңгээлин баалоо жана мындай мобилизациялоону иш жүзүндө турмушка ашыруу боюнча ресурстардын болушу.

Изилдөөгө чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин, дүйнөнүн 32ден ашык өлкөсүнөн чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын бирикмелеринин өкүлдөрүнүн ичинен 500дөн ашык респондент катышты.

 

Изилдөөнүн отчетун PhD социологиянын изилдөө тобунун жетекчиси Ж.Жеенбаева жана ЭКФнын аткаруучу директоу Д.Ш. Кендирбаева презентациялайт.

 

Бул иш-чаранын алкагында Кыргызстандын өнүгүшүнө мекендештердин салымынын мыкты практикалары жөнүндө: «Мекендештер: Кыргызстандын келечегине салым» китебинин биринчи басылмасынын презентациясы өтөт.

 

Китепте чет өлкөлөрдө жашаган, Кыргызстандын өнүгүшүнө жолдорду, мектептерди, ооруканаларды, балдар бакчаларын оңдоо, көпүрө куруу, ондогон айылдарда жарык өткөрүү, ар кандай муниципалдык мекемелерди компьютердик техника менен камсыз кылуу, окутууда жана башкарууда алдыңкы тажрыйбаны алмашуу сыяктуу колдон келген салымын уюштурган жана аткарган 14 кыргызстандык жөнүндө таржымалдар чогултулган.

 

Катышуучулар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин өкүлдөрү, Эл аралык уюмдар, ошондой эле НПОлордун өкүлдөрү. 

 

Кошумча маалымат үчүн төмөнкүгө кайрылууну өтүнөбүз:

Токторбаева Жанат, «Мекендештер Форуму» долбоорунун ассистенти. Тел: 0312 66-35-38; 0703416049, e-mail: mekendeshter@roza.kg.