«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: жазуучу жана драматург Меңди Мамазаирова

December 8, 2015, 06:00

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоору, ал үй-бүлөлүк китеп окууга көңүл буруу максатын көздөйт. «Раритет» китеп дүкөнүнүн жайлуу залында театрдын, эстраданын, кинонун, саясаттын белгилүү «жылдыздары» балдарды дүйнөлүк жана ата-мекендик адабияттын сүйүктүү чыгармалары менен тааныштырат. Бул жолугушуулар балдар менен ата-энелерге Кыргызстандын белгилүү адамдары менен жакындан таанышууга, ошондой эле китепти бирге талкуулоого, суроолорду берүүгө, жаңы досторду – китеп сүйүүчүлөрдү табууга мүмкүндүк берет.

 

6-декабрда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында кезектеги жолугушуу болуп өттү. Балдарда мейманда КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу жана драматург Меңди Мамазаирова болду, ал балдарга Ж.Мамытовдун "Буурул таңдын жомогун" окуп берди. Жомок кызыктуу болду, балдар абдан кунт коюу менен укту, китеп окуу аяктагандан кийин адаттагыдай бардыгы угулган жомоктун каармандарынын сүрөтүн тартышты.