«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: Ооруканадагы кичинекей пациенттерге үн чыгарып китеп окуйбуз

December 9, 2015, 06:00

9-декабрда Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун бир эле учурда үч: кардиология, гастроэнтерология жана аллергология бөлүмдөрүндө «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү. Бүгүн "Лидер" жаштар клубунун активисттери бөбөктөргө китеп окуган жылдыздар болуп калды.

 

Акция жомокторду жана өзүнүн бала кездеги сүйүктүү чыгармаларын наристелерге окуп бере турган өлкөнүн белгилүү инсандарын тартуу аркылуу үй-бүлөлүк китеп окууну пропагандалоого багытталганына карабастан, иш-чара башка кошумча – ар кандай оорулары бар балдарга жакшы маанай тартуулоо максатын да көздөйт. Жакшы маанай агрессивдүү каршылашка – дартка каршы күрөшүүдө күчкө күш кошот.

 

Бүгүн наристелерге китеп окуп жана айтып берип гана тим болбостон, ошондой эле оюн коюп, ырдап жана наристелерди алаксыткан жаш лидерлер смайлик түрүндөгү эң сонун баш кийимдерди кийип жүрүштү. Активисттер балдарга оң эмоцияларды, жакшы маанайды тартуулап жана балдардын жүзүндө күлкү-шаттыкты пайда кыла алды.

  

Бул акцияны ишке ашырууга жардам бергендердин бардыгына чоң ыракмат!