2016 Жаңы жылды утурлап! Кытай элинин жомоктору негизиндеги

December 7, 2015, 06:00



2016 Жаңы жылды утурлап!

 

Пресс-релиз


Кытай элинин жомоктору негизиндеги


«Лотос кыз» аттуу спектакль-балетинин бет ачаары


Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы


13 декабрь, жекшемби, 11:00

 

«Тунгуч» театры

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду


Жаңы жыл майрамына карата кытай эл жомокторунун негизинде даярдалган «Лотос кыз» аттуу жаңы музыкалык спектаклине чакырабыз.


Кытай эл жомоктору өздөрүнүн фантастикалык сюжеттери менен атактуу, ал жерде негизги каармандар жөнөкөй гана адамдар эмес, ошондой эле ажыдарлар, сыйкырчылар, жиндер дагы болушу мүмкүн. Кытай мифологиясында ажыдар Ян жакшы иштердин башталышы катары белгиленет жана кытай элинин баардык тескери жамандыктардан коргоочу тумары болуп саналат. Ажыдарда баардык жаныбарлардын сапаттары чогулган бул: төөнүн башы, бугунун мүйүзү, жиндин көздөрү, жыландын моюну, балыктын териси, бүркүттүн тырмактары, жолборстун таманы жана уйдун кулактары.


Кытай Эл Республикасы коңшубуз менен бизди көп кылымдык достук жана мин километрдик чек ара бириктирет. Кытай элинин үрп-адаттарын, каада-салттарын, фольклорун билүү кызыктуу болбостон пайдалуу дагы. Мүмкүн ушул жомок сиздин балаңыз үчүн Кытай дүйнөсүнө ачкыч болот.



Режиссер-коюуучу – Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова.

Экинчи режиссер – Асель Чоккараева

Сүрөтчү – Бакыт Тилекматов

Хореограф-музыканттар – Мурат Шалтаев, Турдубек Алиев

Спектаклде «Тунгуч» театрынын алдындагы театрдык студиянын студенттери ойнойт.


Спектакль ошондой эле төмөнку кундөрдө коюлат:

18 декабрда 2015, 12:00до , Кожомкул атындагы Спорт Сарайы

4, 5, 6 январда 2016, 15:00до, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы


Сурап билүүчү телефондор: 0312 663538, 0703 416049