Фоторепортаж: «Музыка – элдин жан дүйнөсү: таджик музыкалык маданияты»

November 30, 2015, 06:00

Жакында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун колдоосу астында Рудаки атындагы Кыргызстандагы таджиктердин коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган таджик музыкалык маданиятынын концерт-презентациясы Кыргыз улуттук консерваториясында болуп өткөндүгүн Кыргызстандагы Таджик элчилиги билдирет.


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, бардык этностук диаспоралардын жетекчилери концерттин меймандары болушту.

Бул концерттин негизги номерлери Баткен областынын Кадамжай районунун “Учкургон” айылынын жана Лейлек районунун “Андарак” айылынын жашоочулары тарабынан аткарылды. Концерттин программасы көрүүчүлөрдү шыктандырган жана ийкемдүү таджик бийлери, мелодиялуу ырлары жана музыкасы менен тааныштырды.

 

«Музыкалуу программа менен катар эле таджик улуттук кийимдери, музыкалык инструменттери, ошондой эле таджик элинин үрп-адаты жана каада-салты көрүүчүлөргө даңазаланды” – деп айтылат билдирүүдө.

 

Роза Отунбаева бул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү этностор аралык жана улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүүдө, достукту жана өз ара түшүнүшүүлөрдү чыңдоодо, Таджикистан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы маданиятты байытууда чоң роль ойноорун белгиледи.