Кыргызстан эл аралык «Час Кода» акциясына катышат

November 30, 2015, 06:00

2015-жылдын 7-декабрынан тартып 13-декабрына чейин Кыргызстанда бүткүл дүйнө жүзүн бириктирген мурда болуп көрбөгөн  #ЧасКода акциясы болуп өтөт! Маалыматтык технологиялар жана программалаштыруу жөнүндө түшүнүктү өзгөрткөн Час Коданын уникалдуу ачык сабактары биздин өлкөнүн бир нече мектептеринде, ЖОЖдорунда жана башка ар түрдүү аянтчаларында бир убакта жума бою өткөрүлөт. «Час Кода» – бул 180 өлкөдөгү ондогон миллионго жеткен студенттерди жана гаджеттерди пайдалануучуларды баш коштуруп турган тарыхтагы эң ири билим берүүчү иш-чара.


«Час кода» акциясы КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасынын колдоосу астында “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ, Программалык камсыз кылууну жана кызматтарды көрсөтүүнү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясы (ПККИКА) жана «МТ-Аттрактор» КФ менен өнөктөштүктө өтөт.


Волонтер-машыктыруучулар программалык камсыз кылуунун иштеп чыгуунун жаш жана өтө келечектүү индустриясынын бардык артыкчылыктары жөнүндө айтып беришет, анда ачылып жаткан укмуштуу мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырышат жана өзүңдүн ийгиликтүү жолуңду табууга жардам беришет. Андан соң ар ким http://studio.code.org жеткиликтүү болгон онлайн тренажерлорунун биринде кызыктуу тапшырманы аткаруу менен программалоодо өз күчүн сынай алат.


ЖОЖдордогу машыктыруучулар үчүн тренингдер Логвиненко көчөсү 55 (Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде) дареги боюнча жайгашкан “Сорос_Кыргызстан” фондунун офисинде 30-ноябрда саат 14.00дө болот.


Мектептердеги машыктыруучулар үчүн тренинг Раззаков көчөсү 51 дареги боюнча жайгашкан Арабаев атындагы КМУнун № 1 корпусунда, китпканасында (1-кабат) 30-ноябрда саат 16.00дө болот. Акцияга катышуу үчүн е-мэйл: openeducoalition@gmail.com же 0 (312) ) 660382 телефону боюнча Гульзада Ургуналиевага, Бегаим Тулегеновага кайрылсаңыздар болот.


#codekg #hourofcode #Часкода