«Ачык билим берүү» коалициясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жолугушуусу болуп өттү

November 30, 2015, 06:00

2015-жылдын 24-ноябрында «Ачык билим берүү” коалициясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жолугушуусу болду.

 

2015-жылдын 10-сентябрындагы мурдагы жолугушууда Коалициянын катышуучулары сунуш кылынган төмөнкү милдеттер: Кыргыз Википедиясын толтуруу, мектептердин администрациясы үчүн маалыматтык технологиялык көндүмдөр боюнча тренингдер жана Коалициянын сайтын алга жылдыруу боюнча топторго бөлүнүшкөндүгүн эскертебиз. 24-ноябрда топтордун ар бири аткарылган иштердин натыйжаларын презентациялашты.


Википедияны толтуруу боюнча топ Бишкек Финансы-экономикалык академиясында, Кыргыз Билим берүү академиясында,, Бишкек Гумманитардык Университетинде жана И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда Википедияны толтуруу боюнча тренингдерди өткөрүштү. Бардыгы 31 адам (4-5-курстардын студенттери, профессордук-окутуучулук курам, магистранттар, китепкана кызматкерлери) окутулду, анын натыйжасында Википедияда 25 жаңы макала пайда болду.

 

Мектептердин мугалимдери менен иштеп жаткан экинчи топ заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча тренингдерди өткөрдү. Тренингдин убагында мугалимдер мектептердин электрондук даректери менен иштөө боюнча билимдерин бекемдешти, ар түрдүү предметтер боюнча үйрөтүүчү сабактардын презентацияларын иштеп чыгышты, кийин электрондук китепканага жүктөө менен билим берүүчүлүк ресурстарды түзүүгө үйрөнүштү. Андан тышкары тренингде орус тили, кыргыз тили, география, тарых, англис тили, ата мекенди таануу, кыргыз таануу предметтери боюнча сабактарда пайдалануу үчүн Power Pointде иштелип чыккан анимациялык презентация көрсөтүлдү.

 










Коалициянын сайтын толтуруу жана алдыга жылдыруу төмөнкү топтун милдети болуп саналды. Иштин натыйжасында сайттын дизайны өзгөрүлдү, зарыл функциялар жана шилтемелер кошулду. Ошондой эле жолугушуунун убагында Коалициянын жаңы мүчөлөрү тааныштырылды жана Кыргызстанда жана Таджикистанда Microsoft бизнесин өнүктүрүү боюнча экс-менеджер Акылбек Айдаралиевдин презентациясы өттү, ал ар түрдүү өлкөлөрдүн демилгелери тууралуу ой бөлүштү.