5 декабрда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева иш сапары менен Токмок шаарына барат

December 4, 2015, 06:00

5 декабрда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева иш сапары менен Токмок шаарына барат.

 

Иш сапардын алкагында кыргыз тилинде жарык көргөн “Менин атам Дэн Сяопин”, “МЕКЕНДЕШТЕР: Кыргызстандын келечегине салым” китептеринин жана «Ачык билим берүү ресурстары», «Аялдар техникада жана илимде» (STEM), «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартиби жана сот адилеттиги органдарына бирдей жеткиликтүүлүк» аттуу долбоорлордун кенен презентациясы өтөт.

 

Презентациялар 5 декабрда, саат 11.00до Токмок шаарындагы Эл аралык Борбор Азия университетинде өтөт.

 

Кенен маалыматты төмөнкү байланыш телефондор аркылуу алсаӊыздар болот: 0312 66 03 82, 0312 66 03 68.