«Жайлоодогу мыкты өнүгүү борборлорунун” өкүлдөрү Стамбул шаарында

November 30, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо бала бакчасы-2015” долбоорунда мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн тарбиячылар жана уюштуруучулары 19-28 ноябрь аралыгында Түркиянын билим берүү системасы менен жакындан таанышуу, Стамбулдагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин жетишкендиктерин көрүү максатында 10 күндүк сапарда болушту.

 

Эки жылдан бери жигердүү иштеп, мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн агай- эжейлердин Стамбул сапары аталган шаардын маданий-тарыхый эстеликтери менен таанышуу, туристтик жерлерин кыдыруу, саякаттоо менен коштолду. Бийик тоолуу аймактарда иштеген агай-эжейлерибиздин көпчүлүгү алгачкы жолу чет өлкөлүк сапарга чыгып жаткандагы бизди кубандырат.

 

Бул убакыттын ичинде Кыргызстандын Стамбулдагы баш консулдугу, Кыргыз түрктөрү маданият жана жардамдашуу фонду жана Кыргызстан-Түркия достук жана маданият коому уюштурган Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси, 24-ноябрдагы Түркиядагы мугалимдердин күнүнө арналган майрамдык салтанатка катышышты.

 

Стамбул шаарындагы атактуу Стамбул лицейи, Топкапыдагы балдар автодрому, Океанус колледжи, Фатих Энгин бала бакчасы, Билфен, Бахшехир менчик мектептердин, бала бакчалардын тажрыйбасы менен таанышышып, алдыңкы демилгелер жана перспективаларга күбө болушту.

 

Аймактардан келген мугалимдер үчүн Босфор саякаты, Панорама-1453, Топкапы музейлери, Аясофия, Султан Ахмет сыяктуу тарыхый эстеликтер, Пиерр-Лоти, Минатүрк кичи паркы сыяктуу туристтик жерлер Кыргызстандан барган мугалимдердин кызыгуусун жаратып, маалыматтарын байытты.

 

Эжей-агайлар билим берүү мекемелериндеги тажрыйбалар менен таанышып, Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрү үчүн идеяларды алышты. Алар үчүн инновациялык ыкмаларды үйрөнүүгө, чет өлкөлүк тажрыйбалар менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү кубандырат. Бул сапарды уюштурууда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу, Түрк дүйнөсүнүн муниципалиттер бирдиги көмөкчү болушту.

 

 

Маалымат алуу үчүн: 0771 388596, 0552 600 738 тел., же asanasyl@gmail.com электрондук дарекке кайрылсаңыздар болот.