«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: көркөм сүрөт боюнча педагог Мария Бочко

October 30, 2015, 06:00

24-октябрда "Раритет" китеп дүкөнүндө көркөм сүрөт боюнча педагог Мария Бочко (окутуучу сүрөтчү) балдарга китеп окуп берди. Ал бөбөктөргө кыргыздын сыйкырдуу жомокторун, алгачкы көркөм өнөрдүн шедеврлерин окуп берди. китеп окугандан кийин алгачкы көркөм өнөр боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

 

Эске сала кетели, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору Бишкек шаарында алгачкы билим берүү фестивалында старт алган, бирок борбор шаарда гана эмес, ошондой эле өлкөнүн региондорунда улантылып жатат.