Жаштарды достукка жана биримдикке тарбиялоо максатында «Баткен - достук калаасы» аттуу фестиваль өтүүдө

October 30, 2015, 06:00

Баткен шаарында бүгүн, 30-октябрда «Баткен — достук калаасы» аттуу фестиваль өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.


Маалым болгондой, фестиваль Баткен областында толеранттуулукту, көп түрдүүлүк идеясын жайылтуу, этностордун ортосундагы достукту бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду достукка жана биримдикке тарбиялоо максатын көздөйт. Фестивалдын алкагында Баткен областында жашаган элдердин турмуш-тиричилиги чагылдырылып, элдик чыгармачылык, тамак-аш жана «Биздин жашоо суу жана жайыт ресурстарысыз» деген аталыштагы көргөзмөлөр уюштурулат. Мектеп окуучуларынын арасында «Мени курчап турган дүйнө» аттуу асфальтка сүрөт тартуу жана улуттук оюндар боюнча сынактар өтөт. Андан тышкары областтык музыкалык драма театрдын астында тигилген боз үйдө мектеп окуучуларына жана ата-энелерге жылдыздар китеп окуп беришет. Андан кийин ар улуттун өкүлдөрүнөн куралган искусство чеберлери «Музыка элдин жан дүйнөсү» аттуу концерттик программасын тартуулайт.

Turmush