Борбор шаарда «ТазаБИШ» эко-акциясынын алкагында ишембилик болуп өттү

September 28, 2015, 06:00

Бишкекте 26-сентябрда эки экологиялык акциянын алкагында жалпы шаардык ишембилик: «ТазаБИШ» (Таза Бишкек) эко-акциясы жана «FSC-жума» – токойго карата жооптуу мамиленин ар жылдагы майрамы болуп өттү.

 

Бул акциялардын максаты – экология, токойлорду коргоо, шаардыктар арасында сырттан карап байкап туруучулардын эмес, экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучуларынын позициясын калыптандыруу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу.

 

Ишембиликтин алкагында Токтоналиев көчөсүнүн жана Түштүк магистралдын кесилишиндеги аймак таштандылардан тазаланды, ошондой эле жолду бойлото бактар отургузулду.

 

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева катышты.

 

«ТазаБИШ» акциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулду.

 

Ишембиликке «Зеленстрой» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын техникалык колдоосу менен 500гө жакын адам: студенттик жана коомдук экологиялык уюмдар, мэриянын Аппратынын кызматкерлери катышты.