ЖМК биз жөнүндө: Ош шаарында белгилүү адамдар балдардын жана алардын ата-энелеринин арасында китеп окууга кызыгууну арттыруу үчүн балдар бакчаларында китеп окуп берди

June 25, 2015, 06:00

Turmush – Ош шаарында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында белгилүү адамдар «Мээрим» жана «Актан» балдар бакчаларында балдарга китеп окуп берди, деп билдирди Turmush кабарчысы.

 

Маалымдалгандай, бул долбоорду «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду ЮНИСЕФтин жана БУУнун Балдар фондунун колдоосу менен ишке ашырып жатат.

 

Долбоорду уюштуруучулардын бири Асылбек Жоодонбековдун айтымына караганда, бул иш-чаранын максаты – балдардын жана алардын ата-энелеринин арасында китеп окууга кызыгууну арттыруу.

 

«Ата-энелердин көпчүлүгү балдарын китеп окууга үйрөтө албай жатат, бул маселени чечүү үчүн биз ырчылар менен бирдикте балдарды китеп окууга чакырабыз», – деп кошумчалады Жоодонбеков.

 

Бул иш-чара 25-июнда Өзгөн районунун Саламалик жана Акжар айыл округдарында өтө тургандыгы эске салынууда.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун архивинен алынган фото