Кыргызстанда быйыл жайлоо бакчаларынан 100гө жакыны уюштурулат

June 25, 2015, 06:00

Быйыл өлкөдө жайлоо бакчаларынан 100гө жакыны уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун долбоор координатору Асылбек Жооданбеков билдирди. Анын айтымында, былтыржайлоолордо 35 бакча иш алып барып, 800 бала тартылса, быйыл 2000дин тегерегиндеги наристенин баруусу күтүлүп жатат. Өлкөнүн түштүк аймагында жайлоо бакчаларынан 30дан ашыгы уюштурулса, анын 13ү Ош облусунда болот. 

 

"Тоолуу райондордогу балдардын 4%ы гана бала бакча менен камсыз болгон. Ошондуктан жайлоо бакчалары альтернативдүү жол катары ишке ашырылып жатат. Бакчалар жайыт комитети жана Роза Отунбаеванын эл аралык фонду менен биргеликте уюштурулуп жатат. Былтыркыдан айырмаланып, быйыл мастер класстар өтүлөт, тасмалар коюлат. Ал үчүн сүрөтчүлөр, педагогдор жана балдар чыгармачыл борборлорунан өкүлдөр тартылган. ",- деди "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун долбоор координатору Асылбек Жооданбеков.

 

Жайлоо бакчаларында балдар үч саат болуп, ал убакыт аралыгында окуу, жазуу менен алек болушат. Тамак ашы каралган эмес. Бирок окуу куралдары жана адабияттар менен камсыз болушат. 

 

Жайлоо бакчаларында тоодогу наристелерден сырткары чет мамлекетте жүргөн Кыргызстандык мигранттардын балдары да барат алат. Тагыраагы быйыл уюштурулган жайлоо бакчалары чет жерде жүргөн балдар үчүн да каралган. Кыргыз тилин өздөштүрүү үчүн. Ал жаатта каалоочулар кат түрүндө байланышып, бакчага тартса болот. Жалпысынан жайлоо бакчалырын уюштурууга 1 миллион сомдон ашык каражат керектелип, жайыт комитети жана эл аралык донорлордун эсебинен каржыланат.

Ынтымак