Үчүнчү Билим берүү фестивалы – эко-фестиваль жөнүндө фильм

June 25, 2015, 06:00

Сиздердин көңүлүңүздөргө Үчүнчү Билим берүү фестивалы жөнүндө фильмди сунуш кылабыз (2015-жылдын 24-25 апрели). Фильмдин авторлору – Джо менен Стефани Жентл (Joe & Stephanie Gentle (www.pedalingpictures.us)

 

Стефани – эколог жана жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча долбоорлор жагынан иш жүргүзөт. Азыркы учурда аспирант болуп саналат (Boren fellow 2014-15) жана Кыргызстанда Бишкек шаарында жашайт, видео тартуу жана аны, блогдорду жана тарыхтарды бөлүшүү үчүн күйөөсү Джо (режиссер / фотограф / автор / веб дизайнер) менен бирдикте Pedaling Pictures компаниясын түзгөн ( www.pedalingpictures.us).

 

Биз Стефани менен Джого алардын мыкты фильми үчүн чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз!